Дүйшөмамбет Орозалиев: "Тойлордон Кыргызстандын бардык жараны пайда табат"

Дүйшөмамбет Орозалиев:
11-Окт. 2019, Жума, 11:00

Өлкөбүздө ак эмгек, маңдай тери менен элге кызмат кылып келе жаткан ишкерлерибиз арбын. Алардын бири “Сармерден” ресторанынын жетекчиси, чыгармачыл инсан Дүйшөмамбет Орозалиев. “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги Дүйшөмамбет агай менен жакындан таанышып, ишкерлиги туурасында баарлашып кайтты.

- Агай алгач эле суроону ишкерликтен баштасак. Ишкерликке болгон кызыгууңуз эмнеден улам пайда болгон жана “Сармерден” ресторанын ачуу идеясы кимге таандык?

- Башында дал ушул (авт. азыркы “Сармерден” рестораны жайгашкан жер) жерге дүкөн ачкам, айыл-чарбага керектүү курулуш-материлдарын сатып ишкерлик менен алектенчүмүн. Анан ошол дүкөндүн жанына төрт бильярд столун коюп чакан ашкана ачып койгом. Ошондон көп өтпөй эле аны чоңойтуп ресторан ачуу идеясы пайда болду. Бир күнү кыргыздын улуттук тамагы “таш кордону” башка бир жерден жеп калдым. Мага абдан жагып, алгач дал ушуну өркүндөтүү идеясы пайда болду. Башында таш кордону чакан боз үй менен кичирээк бөлмөдө берип калкты тейлеп, анан гезит аркылуу жарнамалап, акырындап элге жайылттык. Негизи бул таш кордо башка бир кишинин идеясы болгон. Раимбек деген жакшы киши бар эле өтүп кетти, бул идея ошо киши таандык болчу. Ошондон баштап ресторанга көбүрөөк кызыгып калдым. Себеби ошол таш кордону жегенге биздин анча деле шарты жок бөлмөлөргө министрлерден баштап жогорку сот, чоң бизнесмен, жогорку кызматтагылар айтор жогорку даражадагы чиновниктерден бери келип жеп кетип жатышты. Таш кордого болгон суроо-талап күч алды, анын үстүнө кыргыздын өзгөчө тамагы болгон үчүн кызыккандар көп болду. Анан дал ушул калкка жакшы шарт түзүп, жакшы кызмат көрсөтөлү деген максатта чайхана курдук. Анан улам-улам идея келе берет экен. Ишкерликтин көзүн таап калган соң акырындык менен ресторан ачууга жетиштик.

- Ишкерлик менен алектенип жатканыңызга канча жылдын жүзү болду? Өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?

- Ишкерлик менен алектенгениме 14-15 жыл болуп калды. Буга чейин да “Обон” гезитин иштетип жүрдүм ошону менен айтор институтту бүткөндөн баштап эле ишкерлик менен келе жатам десем болот. Кесибим айыл-чарба механиги, инженер-механикмин. Чынында кесип тандоодо мен журналистикага тапшырайын деген оюм болгон. Айыл-чарба институтуна атамдын айтуусу боюнча тапшырым калгам. Ал убакта союз учуру болуп атамдын ушул кесип менен оокат кылып, бала-бакыраңды бага аласың деген көрсөтмөсү менен инженер-механик адистигине ээ болуп калдым.

-“Обон” гезити, журналистика деп калдыңыз, жашооңузга кандай тийиштиги бар?

- “Обон” гезити бул чындыгында менин хоббим болуп калды. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чоңойдум. Балачактан Айтматовдой жазуучу болом деген кыялым бар эле. Ыр жазчумун, мектептеги 3-4 дубал гезитти мен чыгарчумун. Окуучу кезимде бир топ гезиттерге ырларым чыгып калды. Кийин “Кыргызстан маданиятына” чакан аңгемелерим чыгып баштаган. Дал ошол кыялымды ашырыш үчун “Обон” гезитине келип калдым окшойт. Институтта окуп жүргөндө бир кол жазмам бар эле, бир повесть жазып жүргөм. Ал кол жазманы студенттер биринен-бири алып окуп, кийин өзүмдүн колума тийбей калды. Өкүнүчтүүсү кайра жаза албай калдым. Анан ошол чыгармачылыкка жакын болгондуктан “Обон” гезитин чыгарып калдым десем болот. Азыр деле ырларды жазып калам, радиолорго чыгарып калышат. Ыр китеп чыгарып коёюн деген оюм бар.

- Бир учурда ишкер, бир учурда чыгармачыл адам катары үйдө кандай кожоюн, кандай атасыз?

- Эми, үй-бүлөдө, бала-чаканы баккан жагынан жакшы эле атамын. Бирок талапты катуурак коём. беш балам бар, төртөөнү чынында катуу тартипте кармачумун, азыр мына бешинчи балам мектепке жаңы барып жатат, эң кенжебиз, ал мени менен достой, эркин сүйлөшөбүз. Чынында балдарга туура тарбия берүү дегенде, негизи айтат го балдарыңды канча тарбияласаң деле баары бир сени тартат деп. Ошон үчүн биринчи өзүм үлгү болуп, балдарыма таза бизнес кылгандын жолун көрсөтүп, ак эмгек, адал оокат менен нан тапканды үйрөткүм келет.

- Учурда борборубузда кафе-ресторандар абдан көбөйүп кетти, “Сармерден” рестораны атаандаштыкка кандай туруштук берип келе жатат, дагы кандай өзгөчөлүктөрдү, жаңылыктарды тартуулайлы деп жатасыздар?

- Чындыгында атаандаштыкка туруштук берип жатабыз, азыр ресторандар абдан көбөйүп, улам жаңы дизайнда, жаңы форматта элдерди таң калтырабыз деген аракет менен ар кандай ресторандар ачылып жатат. Биз да ошолордон кем калбайлы деген ойдо ресторанды улам жаңылап, жаңы дизайн менен калкты тейлөөгө өз аракетибизди жумшап жатабыз. Ошол эле учурда сервис жана тамак-аш ресторандагы башкы маселе, дал ошол жакка да көбүрөөк көңүл бөлүп элдин суроо-талабын аткарууга далалат кылуудабыз. Азыр мына жаңы форматтагы 3 этаж имараттын курулушун кылып жатабыз. Бул жаңы курулушта чайхана дагы бар, жаңы форматтагы ресторан (ресто-чайхана) дагы бар. Учурда изденүүнүн үстүндө катуу иштөөдөбүз, коңшу мамлекттерге да баам салып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да карап жакшы бир жаңылык менен жаңы жана өзгөчө форматта ачууну көздөп турабыз. Жаңы банкет залын жазап жатабыз. Аны Казакстандан көрүп келгем, азырынча Кыргызстанда жок, өзгөчө стилдеги банкет залы болмокчу. Жаңы куруп жаткан комплексте 300 кишилик бир банкет залы, жанында 100 кишилик банкет залы, 60 кишилик дагы бир банкет залы бар, 20дай кабинкасы бар, айтор өзгөчө чайхана-ресторан болот деп турам буюрса.

- Элде, күз мезгилинде тамада менен ресторан ээсинин гана капчыгы кампаят деген пикир айтылып келет, буга көз карашыңыз?

- Бир чети туура, бирок менин оюм боюнча бизге түшкөн акчанын бары эле менин чөнтөгүмө түшпөйт. Тойлордун сезонунда Кыргызстандын бардык эле жараны пайда табат экен. Мисалы мал-чарбачылык менен жүргөндөр малын сатат, анткени той этсиз өтпөйт, дыйкандар болсо жер-жемиш, мөмө-чөмөсүн сатса, аларга да пайдалуу экен. Тейлөө кызматын көрсөткөн адамдардын капчыгына да пайда түшөт, мамлекетке налог төлөсөк бул да пайда. Айтор күз мезгилиндеги тойлордун болушу бир гана бизге эмес, бул баарыбызга пайда эле нерсе экен.

- Ишкерликтен сырткары башка дагы эмне менен алектенесиз?

- Көп китеп окуйм, өзүмдү өнуктүрүү үчүн ар кандай китептерди окуп изденем. Мурун адабий китептерди көп окучумун. Акыркы учурда бизнесеке байланыштуу маркетинг боюнча китептерди көп окуп жатам. Журналисттин көбү эле ишкерликтен сырткары саястка барасызбы деп калышчу... Ал суроону берген жоксуң...(күлүп) Анын үстүнө азыр көбү эле кичине бизнес менен алектенгендер саясатка барат, бизнесин коргош үчүн деген ойдо. Азырынча менде андай ой жок, тескерисинче бизнести өнүктүрүп, эң негизгиси балдарга татыктуу тарбия берүү. Кыргызстандын өнүгүшү үчүн сөзсүз эле бийликке, саясатка баруу эмес. Мамлекетке бизнести өнүктүрүү менен, балдарга туура тарбия берүү менен салым кошсок да болот деп ойлойм. Анан акыркы мезгилдерде көбүрөөк саякаттоону пландап жатам. Чет мамлекетке чыгуу менен өзүңдү өнүктүрө аласың. Көз карашың өзгөрөт дегендей.

- Жетекчи катары кызматкерлерге койгон талабыңыз кандай?

- Кызматкерлерди алууда кызматкердин ишке болгон ынтызарлыгы, каалоосуна көңүл бурам. Анан тартип дагы башкы орунда жана жумушту сүйгөн кесипкөйлүгү да маанилүү. Ресторан быйыл алтынчы сезонун иштеп жатат, ошол аралыкта официант болуп иштеп жүргөндөр буюрса администратор болууга жетишити. Анан албетте аларды дайым тренингдерге катыштырып, тренерлерди чакырып, алардын профессионалдуулугун арттырып турабыз.

- Акыркы суроом болсун, жашоодогу максатыңыз?

- Адам негизи өзүнө чоң максаттарды коюш керек. Менин да максаттарым көп. Керек болсо ушул Кыргызстанды көтөрүп, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин катарына киргизүүгө бир салым кошсом деген чоң максаттар бар. Ал эми негизгиси балдарды татыктуу тарбиялап, кийинки муунга үлгү болуп, өрнөктүү из калтырсам деген максат-тилегим бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!