Бир саат көзүн ирмебеген актер жаңы рекорд койду (видео)

Бир саат көзүн ирмебеген актер жаңы рекорд койду (видео)
11-Окт. 2019, Жума, 14:27

Филиппиндик актер Паоло Балестерос бир саат көзүн ирмебей дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар маалымдашты.

Маалыматка ылайык, филиппиндик шоу-программада актер Паоло ким көп убакыт аралыгында көзүн ирмебей туралат деген оюнда мелдешкен. Анда актер 1 саат 17 мүнөт 3 секунд аралыгында көзүн ирмебей туруп жаңы рекорд койгон. Видеодон актердун көзүнөн жаш агып, кыйналып турганын көрүүгө болот.

Буга чейинки рекорд Колорадо штатынын Хулио Хайме аттуу жаранына таандык. Ал 2016-жылы 1 саат 5 мүнөт 11 секунд аралыгында көзүн ирмебей турган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!