12-октябрь: Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт

12-октябрь: Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаайт
11-Окт. 2019, Жума, 16:40

12-октябрь күнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Ал эми күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +16…+18 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!