Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)

Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
18-Окт. 2019, Жума, 14:33

Технологиянын өнүгүшү менен турак-жай куруунун түмөн түйшүгү азайды десек болот. Анткени, азыр базарга барсаң курулуш материалдарынын түрү сатылат, табитиңе жараша тандап алсаң болот. Бирок ошол курулуш материалдардын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин көпчүлүгүбүз эстен чыгарып койгондойбуз.

Шаарыбызга болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта кабат-кабат үйлөр курулганы менен алардын асман чапчыган баалары калктын көпчүлүк бөлүгүнүн капчыгына туура келе бербейт. А сиз кадимки эле самандан сапатуу үй салса болорун билчү белеңиз?

Айбек Шаршенбаев самандан үй салууну мыкты өздөштүргөн. Ал мындан он жыл мурун эле дал ушул саман менен өзүнүн үйүн салган экен. Келечектүү иш менен алектенген Айбек Шаршенбаев саман менен үй куруунун сырларын ZAMAN.KG маалымат агенттигине бөлүштү.

Сүрөттө Айбек Шаршенбаев.

“Мен Лондондо жашап жүргөндө курулуш тармагында алектенип жүрдүм. “Гранд дизайн” деген мен жактырган телеберүү бар болчу. Бир күнү ал берүүдөн бир бала самандан үй салып жатканын көрдүм”, дейт Шаршенбаев

Ал башында ата-энеси “самандан да үй салса болмок беле?” деп чочулуганын жашырган жок.

“Менин иним үйлөнгөндө ага батир сатып берүүнү чечтик. Бирок алар эч жакка көчкүсү келбей турганын айтышты. Мен аларга самандан үй салып берүүнү сунуштадым. Башында баары каршы болушту. “Эгер силерге жакпай калса, өзүм бузуп берем”, – десем, менин шартыма көнүштү. Корообузда сарай бар болчу. Мен экинчи кабатын жасап берүүгө макул болдум, идеям аларга жакты. Бул үйгө үч куб жыгач, үч мүшөк цемент, үч куб кум менен акиташтын аралашмасы, 250 түк буудайдын саманы жана үч ай убакыт кетти. Жаңы жылды жаңы үйдөн тостук”, – деди Шаршенбаев

Ал ошондой эле өзүнүн кирпичтен салынган үйүн сатып, анын ордуна самандан жаңы үй салганын кошумчалады.

Эгер сиз самандан үй салсаңыз көп каражат, көп күч жумшабайт экенсиз. Анткени, сизге тонналаган кирпич, цемент, ондогон жумушчулардын кереги жок. Аба-ырайы ачык болуп берсе эле 3-4 айдын ичинде кышында жылуу, жайында салкын үйгө кире аласыз.

Баса, мындай үйлөр табигый материалдардан салынгандыктан оптималдуу нымдылуулук сакталып турат. Демек, ашыкча оорулардан алыс болосуз.

Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, эгер сиз самандан үй салууну көздөп жатсаңыз, анда буудайдын саманын колдонгонуңуз оң. Себеби, арпанын саманы буудайдын саманына караганда жумшак болот, тыгыздыгы да аз.

Бул үй Бишкектин четинде жайгашкан Орто-Сай айылында курулуп жатат. Узун-туурасы 18,50×8,50. Үч-төрт ай аралыгында колдонууга беребиз деп мерчемдеп жатышат.

Самандан салынган үйдүн артыкчылыктары:

Көп каражат, көп убакытты талап кылбайт.

Жылуулук узак убакытка сакталат.

Экологиялык жактан таза.

Жер титирөөгө туруктуу.

Аба өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, дубал дем алып турат.

Кемчиликтери:

Жыл мезгилинин жылуу убагында гана салса болот.

Үйдүн дубалын тургузуп жатканда жаандан коргош үчүн дароо шыбаш керек.


Ал эми төмөнкү сүрөттөгү самандан салынган үй Ысык-Көл облусунда жайгашкан. Көрүнүшү жагынан башка үйлөрдөн эч айырмаланбайт. Үйдүн сыртына сайдинг колдонсоңуз да болот. Баары фантазияңызга жараша.

Ал эми өрт коопсуздугунан кам санап жаткандарга бул видео жооп болуп берет деген ойдобуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт