Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”

Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
22-Окт. 2019, Шейшемби, 13:54

Акыркы мезгилдерде ааламдашуу доору менен биргеликте жаңы кесиптер күн санап пайда болуп жатат. Дүйнө жүзүн каптап келе жакан чоң куралдардын бири – «SММ» болуп саналат. Кайсы бир жерден «SММ кызматы» тууралуу кулагыңыз чалса керек. Эл арасында «SММ кызматкери» дегенди бири түшүнсө, экинчиси ал эмне деген суроо узатып келишет. Дал ушул тармак боюнча маалымат алуу максатында ZAMAN.KG” маалымат агенттиги SММ кызматкери Айзада Тыныбекова менен баарлашып келди.

- Саламатсызбы Айзада Айым! Алгач «SММ кызматы» же болбосо «SММ кызматкери» тууралуу кыска маалымат берип кетсеңиз?

- «SММ кызматкери» - социалдык тармактарда фирманы же компанияны көрсөтүп, ошол компаниянын ишин алып барган жана колдонуучулардын көңүлүн бурдуруп, товарды жаранамалаган адам. Учурда дүйнө жүзүндө социалдык тармактар абдан маанилүү болуп кетти. Социалдык тармактардан инстаграм Кыргызстан үчүн өтө жакшы тармак. Андан сырткары буга “Одноклассники” жана “Фейсбук” тармактары да кирет. Жаңы социалдык тармак чыгары менен адамдар ошол тармактарга агылып кирип жатышат, көптөгөн компаниялардын кардарлары дагы ошол жактан маалымат алышат. Ошондуктан компаниялар дагы көбүнчө ошол жерде болуусу кажет, бул эми заман талабына ылайык нерсе. Социалдык тармактардын дагы өзүнүн шарттары бар, техникалык форматтары бар, мисалы сүрөттүн размери, историз, видео, кыскасын айтканда өзүнө тиешелүү конкреттүү талаптарга ээ. Ушул нерселерге жооп берип, булардын бардыгын туура чыгарып туруш үчүн, ошону менен бирге кардарларды тартып, алар менен байланыш түзүп, товар тууралуу маалымат бериш үчүн атайын кызмат талап кылынат. Ал эми ушунун баарын SММ кызматкери жасайт.

- SММ адистигине кандайча ээ болушат? Атайын курстан окушабы?

- Ооба, атайын курстан окушат. Бизде SMM адистигине даярдоочу курстар абдан көп. SMM бул интернет маркетингинин бир бөлүгү десем болот. Маркетинг кесиби бизде университеттерде окутулат. Бул классикалык маркетинг болуп эсептелет. Анан эми заман талабына ылайык интернеттеги маркетинг деген түшүнүк чыкты. Бизде ал тармак канчалык деңгээлде өнүгүп, университеттерде кандай окутулуп жатат, бул тууралуу менин эч кандай кабарым жок. Ал жөнүндө айта албайм, уккан эмесмин. Бир университеттин интернет маркетологун даярдаарын уга элекмин. SММ кызматын бизде баары эле онлайн курстар же болбосо реалдуу курстар аркылуу үйрөнүшөт. Ал курстарды ачкан адамдар деле ошол эле Россиядан, ошол эле Украинадан окуп келгендер.

- Өзүңүздүн адистигиңиз кайсы, кесибиңиз менен иштейсизби, ушул тармакка байланышы барбы?

- Жок, менин өзүмдүн адистигим түрколог, кыргыз тили, түрк тилдери боюнча мугалиммин. Кесибим менен иштеген жокмун. Докторантурага чейин окудум, бирок акырына чыккан жокмун. Ошол жылдары түшүндүм, мугалимдик кесип меники эмес экенин. Мугалим болуп, кыргыз тилчи болуп мектепте иштөө мен үчүн өтө эле чоң маселе болчу. Ага кошо айлык маянасы да аз. Бирок ошол алган билимим бардык жерде абдан керек болду. Ошол алган билимимдин натыйжасында көп нерсеге жетиштим. Ал эми бул тармак мага кызык болду. SММ кызматын кошумча адистик катары алып кетсең абдан жакшы, башка кесип менен алектенип деле, бул кызматты кошумча аркалай берсең болот. Бирок, бул албетте көп убакытты талап кылат. Сапаттуу иш алып барам десең убагы менен так аткарыш керек. Ошон үчүн компаниялар SММ кызматкерин өзүнчө кызматкер катары жумушка алышат. Чакан компанияларда компаниянын жетекчиси өзү деле бул кызматты алып кетсе болот.

- Кошумча адистик катары ушул кесип менен иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?

- Бир жылдан ашып калды. Бир жыл мурун атайын курстарга барып, онлайн курстарда окуп, андан соң өзүмдүн баракчамды ачып, алган билимимди ошол жактан колдонуп, тажрыйба топтоп баштадым. Андан кийин инстаграмдагы баракчам аркылуу SММ кызматкеримин, менин кызматымды колдонсоңор болот деген жарнама кетирип, бир нече кардарларды тапканга жетиштим. Бул тармак өтө тез өзгөрүп, улам-улам жаңыланып турат. Инстаграм фейсбукка карагандыктан, көп функциялар фейсбуктан көз каранды болот. Фейсбук болсо жаңылыктарды тез-тез киргизип турат, башкача айтканда эреже шарттарды өзгөртүп турушат. Ошол себептүү улам-улам окуп, жаңы мааламаттарга ээ болуп туруш керек.

- Айзада Тыныбекова, айтсаңыз дал ушул тармакка кызыгып калууңузга эмне түрткү болду?

- Мен өзүм кол өнөрчүлүккө абдан кызыгам. Ар кандай жасалгаларды (украшение) жасап келем, андан сырткары кийизден китеп жасайм. Китепти быйыл баштадым, жасалгаларды жасап жатканыма 3-4 жыл болуп калды. Кийин мектепке чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча атайын кийиз китептерди жасап баштадым. Анан ошол нерселерди сатуу керек болду. Байкасам бардыгы эле интернетте олтурат. Мага окшогон энелер интернеттен карап, сүрөтүн көрүп, баасын билип, буйрутма кылып, анан сатып алышат. Бул нерсе базарга карганда интернеттен карап алуу дагы да ыңгайлуу экенин түшүндүм. Мен дагы ошону өркүндөтөйүн деген ниет менен кызыгып, окуп баштадым. Карасам бул тенденция абдан жакшы келе жатыптыр. Кыргызстанда эми эми өнүгүп келе жаткан экен. Мен дагы артта калбайын деп окуп алдым. Кийин кардарлар чыгып баштады. Учурда SММ кызматкери катары үйдө олтуруп, балдарымды тарбиялоо менен бирге телефон, ноутбук аркылуу бир компанияны инстаграмдан жарнамалайм. Андан сырткары өзүмдүн кол өнөрчүлүгүмдү улантып, аларды да дагы инстаграмдын жардамы менен сатам.

- Кесибиңиз эмнеси менен кызыктуу?

- Бул тармактагы адамдар чыгармачыл болушу керек. Башында абдан жеңил болчу, себеби инстаграмдын шарттары да жеңил болчу. Азыр күндөн күнгө оорлошуп бара жатат. Айтор талаптары көп. Бирок мен үчүн кызыктуу. Бул жерде дизайнды жасайсың, имидж менен иштейсиң, тексттерди дагы туура, кызыктуу кылып кардарларга жеткиликтүү кылып жазышың керек. Ошол жагынан кызыктуу, улам-улам өзгөрүп, жаңыланып турат бул жагы да кызыктуу. Анткени жаңылануу менен адам көп нерсени үйрөнөт. Ар түрдүү кардарлар менен баарлашасың бул дагы өзүнчө ырыхат тартуулайт адамга. Чыгармачыл процесс айтор. Мен дагы чыгармачыл инсан экенимди кийин түшүндүм. Кыскасы чыгармачыл адамдар үчүн абдан эле жакшы тармак.

- Үй-бүлөңүз тууралууу айтып берсеңиз?

-Үй-бүлөлүүмүн, үч балам бар. Улуу кызым мектепте окуйт, экинчи кызым бала-бакчага барат. Кичүү уулум менен учурда үйдөмүн. Жолдошум иштейт, ал дагы ушул жарнама жаатында иш алып барат. Үй-иштерин кылып, балдарымды карап анан бош убакытта кол өнөрчүлүк менен SMM кызматын аркалайм. Бул кызмат мен үчүн ыңгайлуу. Үй-бүлөгө да көңүл бөлүп, балдарымды тарбиялап, андан сырткары каражат дагы табам.

- Кыргызстанда учурда SMM кызматынын абалы, деңгээли кандай?

- Азыр аябай жакшы болуп калды. Бул кызматка даярдоочу курстардын саны көбөйдү. Заман талабына ылайык жаңыча форматтагы курстар ачылууда. Мурун бир гана SMMдин негиздери менен аны кантип иштетүү керектигин үйрөтсө, азыр болсо дагы да тереңдетилген форматта окутулуп жатат. Мисалы Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан тармактагы айрым функциялар иштебейт. Ошол себептүү акчаны бекер коротуп жибербеш үчүн аталган тармактардагы функцияларды изилдеген калктын талабына жараша жаңы багыттагы курстар иш алып барууда.

- Кыялыңыз жана максатыңыз?

- Кыялым – балдарымды туура тарбиялоо, аларга керектүү билим берүү, шарт түзүү. Максатым эми бул дүйнө үчүн дегидей болсом... азыр ушул фирма ачайын деп жатам алдыда. Ал мектепке чейинки балдар үчүн, аларды окутуу, өнүктүрүү боюнча жакшы долбоор болуп саналат, учурда ушунун үстүндө иштеп жатам. “Оinobook.kg” аталышындагы дал ушул долбоорду өркүндөтүп мектепке чейинки курактагы балдарга арналган кийиз китептерди чыгаруу. Ал эми тигил дүйнө үчүн Аллага жага турган адам болуп өтүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады