Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”

Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
23-Окт. 2019, Шаршемби, 15:33

Быйыл республикабызда залкар манасчы Саякбай Каралевдин 125 жылдыгы белгиленүүдө. Буга карата өлкөдө бир катар иш-чаралар уюуштурулууда. Дал ушул теманын алкагында ZAMAN.KG” маалымат агенттиги филология илимдеринин доктору, Манас коомдук академиясынын академиги, “Саякбай Манасчы” эл аралык коомдук фондунун илимий координатору, “манас таануучу” Жылдыз Орозобекова менен маектешип келди.

- Кутман күнүңүз менен! Алгач эле улуу манасчы Саякбай Каралаевдин туулган күнүнө арналган иш-чаралар боюнча оюңузду билсек?

- Манасчы Саякбай Каралаевге арналган иш-чаралардын өлкөбүздө байма-бай болуп жатканына өтө кубандым. Анткени мындай иш-чаралар дайыма эле боло бербейт. Бир мисал биздин маңдайбызга манасчыларды коюп коюп, бир жак жаатына окумуштууларды коюп коюп, анан алп Саякбайды ортого коюп коюп, “мына Саякбай деген ким эле, сен эмнени үйрөндүң, сен эмнени изилдедиң, ушул туурабы” деген сыяктуу, ушул форматтагы иш-чаралардын болушу өзү бул илимге дагы манасчынын өзүнүн стимулдук жактан өнүгүшүнө дагы, анан Саякбай атабыздын өзүнүн вариантынын наркы дагы канчалык деңгээлде бийик экени дароо көрүнүп калат. Залкар манасчы Саякбай Каралаев жалпы адамзаттык маданий деңгээлде жана бийик аң-сезимдүү философиялык деңгээлде жалпы адамзаттык социалдык абалды, биздин тарыхыбызды, баскан изибизди чагылдырган, биздин ар бир адамдын көйгөйүндөгү мүнөздөрдү психологиялык жактан ачып берген чебер, зергер драматург. Ал "Манас" эпосунун эбегейсиз, чексиз текстин, илимий тилде айтканда гипертекстин түзгөн адам. Албетте биздин улуу кыргыз элинин улуу кыргыз тарыхы Саякбайдай болгон, алмадай башына ааламды батырган адамдын тилинде гана орун ала алмак.

- Сиздин көз-карашыңызда “Манас” эпосунун кыргыз элинин тарыхындагы орду?

- Манас аалам менен адамзаттык мааниге ээ. Манаста ар бир каарман өзгөчө сапаттарга ээ. Каармандар жашоонун мугалими, алар бизди жетелеп жүрөт. Анда чыныгы адамдын жүзүн көргөзүүчү нравалык бийиктиктерди эпос көрсөтүп турат. Мындан сырткары "Манас" эпосунда биздин бабаларыбыздын ырым-жырымы, дарыланганынан бери бар. Бул билимдүү эл, кыргыздар кечээ тоодон түшкөн жок, токойдон чыккан жок. Мына бул кыргыздардын медициналык билими, астрологиялык билими, географиялык билими укмуш болгон да. Экономикалык алгачкы өнүгүү, капитализмдин алгачкы элементтери мына ушуларда болгон. Мисал үчүн сүт азыктарынын технологиясын, жүндүн технологиясын, жыгачтын технологоиясын, теринин технологиясын иштеп чыккан. Анан ушул кыргызды көчмөн дешке болобу. Жарым-жартылай көчмөн болгон, тоолуу дешке болобу, жок мунун маданияты, цивилизациясы абалкы доорлордо башталган. Ошондуктан бул өзүнө Борбор Азияны ээлик кылып турган элдин башында Манас атабыз тургандыгы өтө сыймыктуу. "Манас" эпосунда этек жапкан жер үчүн шердин каны төгүлгөн деп айтылат. Азыркы кездеги биздин кыргыздын аруу, ушундай көз айнектей болуп калган жерин сактап калалы дегенди дал ушул залкар баян үйрөтөт.

- "Манас таануу" илимине болгон кызыгууңуз эмнеден улам пайда болгон?

- Мен улуттук университеттин кыргыз филология жана журналистика факультетин бүтүргөм. 5-курста “Курманбектин баласы Сейитбек” жөнүндөгү эпостун философиялык аспектиде, фольклордук айкалыштыкта дипломдук иш жазган элем. Эки жетекчим болгон. Бири Сапарбек Закиров агай, бирөөсү Акмолдоева Шайлоо деген философ эже болгон. Ошондон кийин эле академияга жолдомо менен келгем. Келсем мага окшогон көп балдар бар экен. Баарын эле аспирантурага, тигил жакка, бул жакка изилдөөчү кылып алып аткан экен. Мени алган киши жок, эч ким алгысы келбейт. Ушул кеңеште турам, мен деле жолдомо менен келгем. Эч ким алгасы жок, мен кете берейин деп ойлодум. Мектепке барып мугалим эле болоюн деп. Бир убакта Раиса Заитовна Кыдырбаева деген бир чоң окумуштуу бар экен. Болгондо дагы "Манастын" корифейи экен ошол кездеги. Ошол киши менин дипломдук ишимди караган экен. “Ай ушу кызды мага бергилечи, манас таанууга бергиле”,-деди. Анан ошол күндөн баштап чын эле эпос менин дүйнөм экенин ошондо, ошол жылдары түшүндүм. Мен изилдөөчүдөн дагы ашып түшкөн жан дүйнөнүн фанаттыгына чөгүп кеткен, ошол Манастын дүйнөсүндө жашап чыга албай калган, 30 жылдын ичинде 30 жолу окусам дагы Манасым жаңы болуп тургандай, айтор ушундай бир сүйүп калдым. Мен Манассыз жашай албайм.

- “Манас” эпосун изилдөөдө кандай кыйынчылыктарга же болбосо окуяларга туш болдуңуз?

- Манастын ичи түпсүз, терең, кенен океан деп айтып жатпайбы. Мен ушул түпсүз терең, кенен океанды структуралык жактан карап чыктым. Эмнеси менен терең, эмнеси менен кенен деп. Анан ушул тамырлангандагы эпостун тереңдиги да ушунда, кенендиги да ушунда. Бул алгачкы адамзаттын диний ишенимдеринин бардыгын өзүнө чөгөргөн чыгарма бул бир. Экинчиден бул ондогон диний агымдардын келип чыгышынын башатын кармап турган чыгарма. Диндин бары ушунда чагылат, Манаста көрүнөт. Адамдын акыл-эсинен көрүнөт. Эпостогу адамдын акыл-эси динге кантип кирип жатат, кантип ишенип жатат дегендин барын ушул баяндан алып жатпайбы. Ушуну манасчылар айтат. Андан кийин булар диний башталгыч ишенимдер өзүн коргоочулук деген түшүнүктөрдү, мифтик филиософиялык алкактарды, андан келип көп-көп жомокторду алып анан туташтырып жүрүп олтурат да. Бир дарактын бутагынан жалбырактар чыккандай бир мотивдер чыгып олтурат. Айтор Манасты канчалык казган сайын ошончолук тереңдеп, кеңейип кете берет. Чынында Манасты аралап жүргөн, аны изилдеген адамдын өзүнүн бир түшүнүксүз абалдары болот. Менде ошондой абал бар, мен аны тушүндүрүп айта албайм. Бул абалдар мени дайыма коштоп жүрөт. Керек учурда пайда болот. Ошондой убактар болот негизи, кандайдыр бир касиеттер болот. Эми муну эч качан эч бир жерде бир ооз да оозанган эмесмин. Мага мындай суроолорду берсе деле четтеп каччумун. Бул чын эле Манаска киришкен адамдын бир нерсеси болот. Чымыны болбосо ал ошого кирише албайт. Көп эле адамдар үстүртөн айтып коюшу мүмкүн, бирок "Манас" эпосуна стихиясы менен кирген адам азыраак болот.

- Адатта манасчыларга аян берилет деп калышат, "манас таануучу" катары сизге да аян берилгенби?

- Манасчылар айткандай менде Бакай ата баштаган, Чыйырды, Каныкей эне баштаган түштөр кирген эмес. Кичинекейимде мындай бир түш көргөм. Түшүмдө бирөөлөр мени кубалап келе жатыптыр, мен качып бара жатыптырмын. Анан ошо бир убакта менин артыман кубалап келе жаткан кишилер кайра артты көздөй качып бара жатканын бир билем. Анан мен булар эмне токтоп калды деп артымды карап, кайра турсам асманга тирелип тургандай бир кишинин бутунда турган экенмин да жерде. Болду ошондон башка фрагмент көргөнүм жок. Анын жүзүн да көргөн эмесмин, аябай чоңдугунан коркуп атып чалкаман түшүп калганымды билем. Себеби анын буту эле менден чон экен. Эми муну менен Манаска байланыштырышым кыйын го. Бирок андан кийин Манасты изилдөө учурунда түш кирди. Шаабай Азизов деген чоң манасчыны жаздым. Мына ошо кишини жазып бүтүп Көлдөн келдим. Анан ошону магнитфондук лентадан кагазга түшүрүүгө кириштим. Ошону түшүрүп жатып, компьютерге терип бүтуп калган кезде ошол кишини түш көрдүм. Жаныма келип олтуруп анан алаканын кең жайып, баатырлардын баары менин колумда деп бата берди. Бата бергенде алаканынан баатырлар чыгат экен. Мына ошолордун баары бата берип жатат деп. Ошондой бир түш киргени эсимде.

- Учурда "Манас таануу" илиминин абалы кандай?

-Манастын негизинен жүгү да оор, тузу да оор. Манас таанууну биз эми жогорку окуу жайларга, орто техникалык окуу жайларга, лицейлерге жана жалпы билим берүүчү мектептерге деп ылайыктап айттык да. Бирок азыр эң кейиштүүсү жалпы билим берүүчү орто мектептерде эң сап башында турган, бала тарбиялана турган орто мектептерде тилекке каршы "манас таануу" деген предмет жок. Анткени бул мамлекеттик стандартта жок. Бул бир көйгөй. Эгерде манас таануну математика, физика ж.б предметтер сыяктуу сабак катары мамлекеттик стандартка киргизилсе министрликтен анда муну жайылтуу кенедейинен өсүп келе жаткан баланын жүрөгүнө салуу бул кыйла жакшы эффект бермек. Азыр биз кандайбыз арабаны алдыга коюп алганбыз, артында ат келе жатат. Учурда абал ушундай. Манас таануу инстуту ачылган убагында. Мамлекеттик стандартка манас таануу деген сабак киргизилген. Бирок жогорку окуу жайларга гана. 10 жылдан бери манас таануучу адистиги чыгат, бирок аларды эч ким эч жерде жумушка албайт. Бул адистиктер эч кимге кереги жоктой болуп калды өкүнүчтүүсү. Манас таануучу деген адистик барбы дегендер чыгат. А бул тескерисинче сыймык болушу керек эле да. Манас таануучу деген диплом берип туруп, мамлекттик стандартка киргизип, мектеп программасында окутулушу кажет эле. Бирок ал сабакты бир гана жогорку окуу жайларда, орто техникалык окуу жайларда биринчи курстардын бардыгы окуйт. Ал эми тилекке каршы мектептерге киргизүү жолго коюлбай келет. Бул маселенин тагдырын министрлик чечет деген ойдомун.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады