Мурзабек кызы Айжаркын: “Жолдошум ар тараптан колдоп келет”

Мурзабек кызы Айжаркын: “Жолдошум ар тараптан колдоп келет”
31-Окт. 2019, Бейшемби, 11:41

Кыргызстанда ар жылы 1-ноябрда милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип келет. Бул майрам Өкмөттүн токтомуна ылайык 1993-жылы 17-сентябрда кабыл алынган. 1924-жылы 1-ноябрда Кара-Кыргыз автономдук облусунда алгачкы милиция түзүлгөн. Ошол себептүү өлкөбүздө 1-ноябрь милиция кызматкерлеринин күнү катары майрамдалат. Элибиздин тынчтыгын, бейкутчулугун, коопсуздугун сактаган милиция кызматкерлеринин мамлекет үчүн, коомчулук үчүн кылган эмгеги зор. Милиция кызматкерлерине коомчулук тарабынан ар кандай сын-пикир айтылбасын, буга карабай чыйралып кызматын өтөп келишүүдө.

Күч органдары дегенде алгач эле мырзалар ойго келет. Учурда мырзалардан кем калышпай эмгектенип, ички иштер органдарында мыкты кызмат өтөп жаткан айымдар да жок эмес. Бир эле учурда жубайдын, эненин милдетин аткарып, муну менен бирге мамлекеттин жүгүн да аркалап келген айымдарыбыз арабызда арбын. ZAMAN.KG” маалымат агенттиги коомдо коопсуздукту коргоп, эл ичинде тынчтыкты сактап турган милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, майрамга утурлай элге ак кызматын өтөп келе жаткан айымдар менен маектешти.

Алардын бири Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын сержанты Мурзабек кызы Айжаркынды кепке тарттык.

-Саламатсызбы Айжаркын айым! Келе жаткан майрамыңыз менен! Майрамдын алдындагы маанайыңыз кандай? Кепке улай өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Маанайым абдан жакшы. Учурдан пайдаланып мен дагы жалпы жамаатты майрамы менен куттуктайм. Буюрса майрам күнү мен да кесиптештеримдин көңүлүн көтөрүп, таттуу торт менен майрамдатайын деп жатам. Өзүм тууралуу айтсам, Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Үй-бүлөлүүмүн. Эки балам бар. Улуусу быйыл мектеп босогосун аттады. Кызым бала бакчага барат. Жолдошум өзү тарыхчы. Турмуш шартка байланыштуу учурда жеке фирмалардын биринде иштейт. Өзүм учурда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук күзөт бөлүмүндө эмгектенип жатам.

- Милиция кызматына кандайча келип калдыңыз?

- Негизи бала чагымда форма кийгенге абдан кызыкчумун. Милиция кызматкерлеринин тыкыйып форма кийип жүргөндөрүн көргөндө, мен да ушулардай болуп форма кийсем деп кыялданчумун. Кайсы тармакка деле бараарымды ойлочу эмесмин. Болгону формага кызыгуумдан улам ушул кызматка келип калдым го деп ойлойм.

- Негизи кайсы кесипти бүткөнсүз?

- Мен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин информатик, экономист адистигин бүтүргөм. Кесибим боюнча иштеген жокмун. Турмушка чыгып, балалуу болуп, үйдө олтуруп калдым. Кийин бала чактагы кыялымды ишке ашыруу максатында ушул жаатка аракет кыла баштадым. Ошентип бала чактагы кыялым ишке ашты десем болот.

- Жолдошуңуз сиздин ушул жаатта иштегениңизге каршы болгон жокпу?

- Жок, тескерисинче ар-тараптан колдоо көрсөтүп келет. Анын үстүнө буга чейин иштебей, үй-бүлөмө, балдарыма көңүл бөлүп үйдө олтурдум. Иштейм дегенимде колдоо көрсөтүп, түшүнүү менен эле кабыл алды. Кыскасы жолдошум бала кезден кыялданып келген жумушта иштөөмө каршылык көрсөткөн жок.

- Аялзаты үчүн милиция кызматкери болуу оор болсо керек? Үй иштерине кантип жетишесиз?

- Бир жагынан оор эле, анткени талап күчтүү, жумушта жоопкерчиликтүү, так болушуң керек. Бирок өзүм жактырган кесип болгондуктан мага анысы деле билинбейт. Үй-иштери болгондо, аларга да болушунча жетишкенге аракет кылып келем. Адам баласы кылам десе көп нерсеге жетишет деп ойлойм.


- Бош убактыңызда эмне кыласыз?

- Бош убактымды көбүнчө балдарыма арнаганга аракет кылам. Бош убакытым болоору менен балдарымды сейилдөөгө чыгарам, аларды ар кандай эс алуу парктарына алып барып ойнотом. Курбу кыздар менен чогулуп бир жерге отуруп баарлашам. Жолдошум менен киного барам. Айтор бош убактымды балдарыма, эс алууга арнайм.

- Бул кызматта иштегениңизге канча болду?

- Бул кызматка даярданып, атайын даярдоо курстарынан окуганыма эки жылдан ашып калды. Ал эми мен кыялданган форманы кийип, кызматка киришүүмө эки жылга чукулдап калды. Башында албетте кыйынчылыктар болду. Бирок өжөрлүк менен иштөөнү уланта бердим. Жумушта ар-кандай иш-чараларга активдүү катышып, диплом, сыйлыктарга ээ болдум. Буюрса көнүп калдым, баары жакшы. Келечекте буюрса милициянын мыкты кызматкери болсом деген максатым бар.

- Сөздүн аягында сизге эркин микрофон?

- Сиздерге рахмат! Мамлекетибиздеги жалпы милиция кызматкерлерин майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Иштерине албан ийгилик, бекем ден соолук жана албетте чыдамкайлык каалайм! Майрамыңыздар кут болсун урматтуу кесиптештер!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
УКМК:Елисеевдин активдери аныкталып, мамлекеттин кирешесине кайтарылды
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
Изилдөө: Ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда асылууга кабылат
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Жеңиш Разаков “Азия news” гезитин 1 млн сом доого жыкты
Бактылуу жашоонун формуласы
Бактылуу жашоонун формуласы
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Мыйзамсыз бөйрөк алмаштырууга айыпталган дарыгер эки айга камалды
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Ууру жүргөн жерин аныктаган Гуглды айыптоодо
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чачтын түшүүсүн токтоткон маска
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Чуулгандуу иликтөө боюнча президенттик аппарат билдирүү таратты
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
Интернет аркылуу баңгизат сатып алгысы келген Бекешев кантип алданды? (видео)
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
​Евро-2020: Санкт-Петербургда миңдеген балдар бекер футбол көрүшөт
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
Өкүлдөр палатасында импичмент иши боюнча коомдук угуулар аяктады
 Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Жээнбеков: Прокуратуранын иши жакшырмайынча, сот өндүрүшү да оӊолбойт
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Эшектер эмнеге азайып жатат?
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Ден соолукка зыяндуу даамдар
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат
Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат