Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал болоору күтүлүүдө

Жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал болоору күтүлүүдө
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 14:41

Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Этият болуп, коопсуздук үчүн жарандарды унааларын дарактардын жанына токтотпоого чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!