Назира Айтбекова: “Колумду сурагандар толтура”

Назира Айтбекова: “Колумду сурагандар толтура”
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 14:02

Бул ирет ZAMAN.KG” маалымат агенттиги журналисттер күнүн утурлай элибизге журналист катары таанымал ошол эле учурда ар тараптан өзүн сынап келе жаткан таланттуу айымдарыбыздын бири Назира Айтбекованын чыгармачылыгы жана жеке жашоосуна тереңирээк сүңгүп келди.

- Саламатсыз эже! Баштаганда эле балалыктан баштайлычы. Балачакка кайрылып барганга мүмкүнчүлүк болсо эмнени өзгөртмөксүз?

- Миң кааласаң да тагдырды өзгөртүү мүмкүн эмес экен. Балачактагы өйдө-ылдый, ач-ток күндөрүм ушул күндөргө жеткирди, ошон үчүн шүгүр дейм, эч нерсени өзгөртпөйт элем. Эгер ошол жолдорду баспасам бүгүнкү Назира боло алмак эмесмин, бүгүнкү көрүп аткан нерсемди көрмөк эмесмин. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы Жараткан бир тапшырма берет экен. Ошол тапшырманы аткарсаң ушул жакшылыкты көрөсүң деген. Андыктан шүгүр кылам ушуга.

- “Чоң эне” темасына көп токтолосуз, учурда ошол мезгилдегидей чоң энелер барбы?

- Апам менен чогуу жашасам да, негедир энемдин этегин кармадым. Энемден болуп көрбөгөндөй сүйүүнү, мээримди көрдүм. Мени балалыкка сүйрөгөн жалгыз эле нерсе энем экен. Атам да эмес, апам да эмес. Апам деле мени бакты, жалгыз чоңойтту, окутту. Ал дагы жалгыз бой эне болду, көрбөгөндү көрдү, укпаганды укту. Эмнегедир толгонсом эле энем чыгат көкүрөгүмдөн. Мен азыр андай эне көрө элекмин ишенесиңби, аябай издейм да ошондой энени. Менин учурумдагыдай кеменгер энелер каякта, аталар каякта деп аябай издейм. Азыр башка эле доордо, башкача эле адамдар келип калгандай сезилет. Алардын орду толбой, ошол боюнча эле жок болуп кеткендей сезиле берет. Кенедей эле мисал илгеркидей маасы-көлөч кийгендер жок, жоолукту астыга салынган энелер чанда гана. Тилекке каршы мурункулар эч качан мурункудай толукталбайт, мурункулардын учугу уланбай калды окшойт.

- Постторуңузда аял-эркек маселесине көп кайрыласыз, сиздин көз карашыңызда аял болуу оңойбу же эркек болуубу?

- Экөөнүн тең эле бирдей түйшүгү бар. Бирок аял болуп, 100 пайыз эркек боло албайсың. Анткени мисалы мен эркек жасаган дөңгөлөктү чыгара калып машинемдин дөңгөлөгүн өзүм сала ала турчу жөндө эмесмин. Оор нерселерди көтөрүп ташый ала турчу жөндө эмесмин. Ошон үчүн албетте кээде аял катары бир улуу күчкө башымды сүйөп, ушу ишимди жасап берчи дегим келет кээде... Кээде келет эмне калп айтайын...(күлүп).

- Ар кыл темада пост жазасыз, жазгандарыңызды бир китеп кылып чыгаруу оюңузда барбы? Анан ошол жазгандарыңызга болгон сын-пикирлерге мамилеңиз кандай?

- Мен сын-пикирди өзүмдүн таразама салып көрөм, сын-пикирди кабыл алам. Кабыл алган үчүн өсүш жасалат. Адамдын кемчилиги сырттан көбүрөөк көрүнөт. Сенин күзгүңөн мен өзүмдү каранып көрөм. Кемчилигим болсо түздөгөнгө аракет кылам. Ар бир пикирди туура эле кабыл алам, таразама салып, тегирменимен өткөрөм. Ал эми жазгандарымды китеп кылып чыгар деп досторум аябай урушат, чыгара турчу спонсорум да бар. Ушу жазгандарыңды бир топтоп эле берсең, калганын өзүм чыгарып берем деген адамдар да бар. Сонун китеп болот, азыр баалуулугу билинбейт, кийин билинет дешет. Негизи чогултуп баштагам, анан аягына жетпей эле чар-жайыт болуп эле, кайра жаңылары жазылып эле, ошол бойдон чогулбай эле бүдөмүк болуп калды. Бирок чогултушум керек буларды, бул менин тарыхым, бул менин баскан изим.

- Ар тараптан өзүңүздү сынап келесиз, кайсы тармак жан дүйнөңүзгө көбүрөөк жакын?

- Тандай келгенде, баары мага жакын. Ар бир кесибим бир-бирине ушунча чырмала байланышкан. Жазуучулугум жок мен алып бара албайм, анткени мага импровизация керек, алып баруучулугумда актёрук чеберчилигимди колдонбосом алып бара албайм, анткени ар кандай жанрдагы берүүлөр келет. Актёрдук чеберчилигимде алып баруучулугумду колдоном анткени сүйлөп аткан текстимди импровизация аркылуу маанисин түшүнүп алып эле ойной берем. Бирөөнү жандырып салсам беркилер жанып кетет, өрүлбөй калат, өрүм болбой калат. Айтор баары бир-бирине өтө тыгыз байланышта.

- Ушундай назик, алсыз аялдын ичиндеги курчтук, күчтүүлүк кайдан чыгат?

- Башка түшсө байтал жорго. Курч, күчтүү болгонго турмуш өзү түртөт экен. Курч, күчтүү болбосоң тебелендиде калат экенсиң. А менин тебелендиде калбашым үчүн бир чоң себебим бар. Ал менин уулум. Ушу уулумдун карааны эле мени ушундай кармап, ушундай кайрат берет мага. Ушуну жыттаганда кадимкидей соолугам, чыйралам кадимкидей эс алам, күчтүү болом. Уулумдун күлкүсү мага мотивация берет. Балам үчүн күчтүү болууга бир дөңгөлөк пайда болду, күчтүү болуп ошол дөңгөлөктү сүйрөп келе жатам.

- Ошол дөңгөлөктү жалгыз сүйрөгөн да жеңил болбосо керек, жалгыздыктан тажаган убак болобу? Колуңузду сурагандар кантип болбосун?

- Кээде кадимкидей күчтүү ийин издейм, жөн эле башымды жөлөп ыйлап алганга кайырмасы менен... Кадимкидей орду жоктолот да, баарына жетишүү мүмкүн эмес экен. Эркек да аял да болуу мүмкүн эмес экен. Кээде кадимкидей аксаган учурларым болот. Эмне балекет күчтүү аял болсоң да бир улуу күчкө муктаж болосуң, зар болосуң. Бирок эптеп септеп эле эр экен деп тийгиң да келбейт. Колумду сурагандар толтура, мен азыр жаш бала эмесмин, карышкыр болуп калдым дегендей... Негедир тегирменимен бүкүлү чыкпай жатат. Үй-бүлөлүү болуп калат кээде, айрымдары жаш болуп калат, бирөөнүн үйүн да бузууга дитиң барбайт. Айтор оо ушул меники деген адамымды жолуктура элекмин. Көңүлүмө төп келгени чыкпай жатат кыскасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)