“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору өз ишин улантууда

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору өз ишин улантууда
8-Ноя. 2019, Жума, 16:15

Кыргызстанда бир нече жылдан бери аймактардагы бизнес идеялары бар жаш ишкерлерге каржылык жана билим жагынан жардам берип, колдоо көрсөтүп келген “Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” долбоору өз ишин татыктуу улантып келе жатат.

Учурда бул долбоор 4-ирет сынак жарыялап, ага жалпысынан 20 талапкер өзүлөрүнүн бизнес идеяларын сунуштады. Шартка ылайык, долбоордун жеңүүчүлөрү “Бакай Банктан” эч кандай күрөөсү жок 2% насыя менен каржыланат.

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм" долбоорунун автору, “Келдике” брендинин негиздөөчүсү Чыңгыз Макешов жылдан жылга бул долбоорго катышкан ишкерлердин бинез идеялары жакшыра баштаганын айтат. Макешов сынакка катышкан долбоорлордун дээрлик 50 пайызы колдоого алынганын белгилеп, катышуучуларды өзгөчө IT тармагына басым жасоо керектигин белгиледи.

“Эгерде XX кылымда акча капитал менен табылса, ХI кылымда акыл менен табылат. Мисалы, XX кылымда 100 млн доллар акча салып, 10 миң машина чыгарып кандайдыр бир киреше көрсө, азыр болсо IT тармагында, инновациялык долбоорлордо эки киши биригип, ою менен миллиардаган киреше тапкан компанияларды түзүп жатат. Ошондуктан дүйнөнүн баары стартап долбоорлорго көңүл буруп баштады. Кыргызстанда да “Бакай Банк" эки жылдан бери жаштарга инновациялык долбоорлорду колдоп келе жатат.


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан келген Тилек Аскарбеков тоок фермасын өнүктүрүүнү көздөп жатканын айтты. Анын билдиришинче, Кыргызстанда жумуртка өндүрүү тармагы жетиштүү деңгээлде өнүккөн эмес. Мындан улам жаш ишкер бул тармакты тезирээк өнүктүрүп, башка өлкөгө болгон көз карандылыкты жойсом деген ниети бар экенин белгиледи.

“Мен 2016-жылы 500 тооктон баштагам. Азыр иштетип жаткан тоокканада 3500 тоок бар. Жумурткаларды өзүмдүн шаарыма эле сатам, күнүнө алты миң жумуртка өтөт. Кыргызстанда бул тармак жакшы өнүккөн эмес. Ошондуктан Кыргызстан экспортко чыгарбайт, өзүнүн калкына жетпейт. Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн калкы 70 миңге жакын. Күнүнө 15 миң жумуртка жейт. Ошондо мен 15 миң тоок чейин баксам болот. Ушул жылдын аралыгында 1 миллион сомго чейин пайдак өрдүм”, – Тилек Аскарбеков.

“Бакай Банктын” насыя бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурдин Темирбек уулунун айтымында, кээ долбоорлор каржы планы менен дал келбей калып, төлөй албай калган күндөрү болот. Бирок алдын ала бардык тобокелчиликтер ойлонуштурулган.


“Биз тобокелчиликтерди ойлонгонбуз, алдын ала иштегенге аракет кылабыз. Баардык долбоорлор эле ийгиликтүү боло бербейт. Кээ долбоорлор каржы планы менен дал келбей калып, мөөнөтү узарып, төлөй албай калган күндөрү болот. Мындай учурда биз ар кандай ыкмалар менен жардам беребиз. Мисалы, өндүрүлгөн продукциясын сатканга жардам беребиз. Эгер кызмат көрсөткөн долбоор болсо, бан алардынкызматынын пайдаланганга аракет кылат. Бардыгы кырдаалга жараша болот”.

“Мен Кыргызстанды өнүктүрөм” аталышындагы долбоорунун негизги максаты - келечекте өзүнүн жеке менчик ишканаларын ачып, бизнес, жеке ишкерлик менен алектенем деген идеяга бай жаштарга кол сунуп, перспективдүү программаларды иштеп чыгуу жана туура багыт, кеп-кеңеш берүү саналат. Себеби, азыркы учурда көптөгөн жарандарыбыз насыя алганы менен туура эмес пайдаланып, төлөө маалы келгенде эле оор финансылык абалга кабылышат. Аталган долбоордо ишкерлер үчүн атайын трениг-окутуулар каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Абылгазиев: Быйыл 40 айыл өкмөт дотациядан чыгыш керек
Абылгазиев: Быйыл 40 айыл өкмөт дотациядан чыгыш керек
Айыл чарба азыктары 75 өлкөгө экспорттолду
Айыл чарба азыктары 75 өлкөгө экспорттолду
Айыл чарба министрлиги: Азык-түлүк боюнча коркунуч жок
Айыл чарба министрлиги: Азык-түлүк боюнча коркунуч жок
Кыргызстандын тарыхында алтын казып алуу рекорддук чекке жетти
Кыргызстандын тарыхында алтын казып алуу рекорддук чекке жетти
Жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 15.9 млрд сом болду
Жергиликтүү бюджеттердин кирешеси 15.9 млрд сом болду
Кыргызстан-Украина: тышкы соода 29.91 млн долларды түздү
Кыргызстан-Украина: тышкы соода 29.91 млн долларды түздү
Таксист биринчи топтогу майып келинди жол боюна таштап кеткен
Таксист биринчи топтогу майып келинди жол боюна таштап кеткен
Бардык Биткоиндерин жоготуп алды
Бардык Биткоиндерин жоготуп алды
Уюлдук телефон балдарга канчалык терс таасир этет?
Уюлдук телефон балдарга канчалык терс таасир этет?
Жээнбеков Юстиция министрин кабыл алды
Жээнбеков Юстиция министрин кабыл алды
Коби Брайант түшкөн тик учак эскертүү алган
Коби Брайант түшкөн тик учак эскертүү алган
Сагын Эргешовдун жаңы клиби хит болобу? (видео)
Сагын Эргешовдун жаңы клиби хит болобу? (видео)
Эреже бузгандардын 55 пайызы 600 млн сомдон ашуун айып пул төлөдү
Эреже бузгандардын 55 пайызы 600 млн сомдон ашуун айып пул төлөдү
Аваз Акимовдун катталуучуларынын саны 1 миллионго жетти
Аваз Акимовдун катталуучуларынын саны 1 миллионго жетти
Министр: Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу
Министр: Республикадагы эпидемиологиялык кырдаал туруктуу
Эртең менен үй куймагын жасап көрүңүз!
Эртең менен үй куймагын жасап көрүңүз!