Актилек Гүлжигит Кызы: “Баары эле “мен журналистмин” дей берген заман болду"

Актилек Гүлжигит Кызы: “Баары эле “мен журналистмин” дей берген заман болду
11-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 13:46

Коомдо журналисттердин орду абдан мааниге ээ. Сөздүн курчун, гүлүн тандагандар да журналистер болуп эсептелет. Учурда журналисттерге карата ар кандай сын-пикирлер да айтылып келгени талашсыз. Дал ушул теманын алкагында теле алып баруучу Актилек Гүлжигит Кызы менен “ZAMAN.KG” маалымат агенттиги журналисттик кесип, анын күңгөн-тескейи тууралуу кызуу баарлашып кайтты.

- Актилек айым, маегибизди кесибиңизге байланыштуу суроолордон баштайлы, өзүңүздү журналистмин деп эсептейсизби?

- Негизи, “журналист” деген сөздүн кадыры кетип калды бейм. Тамадасы деле, чала актрисасы деле, чала ырчысы деле “мен журналистмин” дей берген заман болду. Мен теледе, жаңылыктар кызматында иштеп келе жатканыма 8 жылдан ашып калды. Журналисттик деңгээлге жете элекмин деп эсептейм. Дагы көп эмгектенишим керек.

-

- Чыныгы журналист кандай болушу керек? Үлгү катары кимди айта аласыз?

- Мен бир эле сөз менен айтайын, чыныгы журналист өтө билимдүү киши болот. Жалпыга үлгү деп эч кимди айта албайм, бирок жеке өзүм Кристиан Аманпурду үлгү катары көрөм. Учурда Кристиан Аманпур ABC News каналында журналист жана CNN International телеканалында өзүнүн жеке программасын алып барат. CNNди онлайн көргөнгө аракет кылам, анткени Кристиан Аманпурдун интервьюларынан көп сабак алып турам. Ал эми кыргыз журналистикасында аты өчпөс раматылык Султан Жумагулов агайым мага үлгү. Мындан 3-4 жыл мурда агайдан сабак да алып калдым эле. Жаңылыктарга текст жазуу боюнча Султан Жумагулов агайдан көптөгөн баалуу кеңештерди алгам.

- ММКда теледен башка багытта да иштеп көрдүңүзбү?

- Ооба. Радиодо, сайтта, гезитте иштедим. Бирок, бул жактарда өзүмдүн гана жеке кызыкчылыгым үчүн гана иштеп көргөм, ал эми ТВ дайыма негизги жумушум болуп келген. ММК чөйрөсүнө алгач теле жагынан аралашканым үчүн телевидение өзгөчө жүрөгүмө жакын.

- Журналисттик кесиптин күнгөй-тескейинен кеп кылсак?

- Бул кесипте хан көрбөгөн сыйды, кул көрбөгөн кордукту көрүп иштейт экенсиң да. Кээде талаада, кээде тоодо, кээде суукта, кээде ысыкта каласың. Эгер чыныгы журналисттик ишмердүүлүктү жүргүзөм десең, буга тоодой болгон жүрөк керек. Ар бир сөздү байкап сүйлөшүң керек, анткени билбей сүйлөп алсаң ошол сөз кайра өзүңө ок болуп келиши мүмкүн. Ар бир үтүр, чекитке жооп бересиң. Журналист коом, тарых алдында чоң жоопкерчиликти алып жүрөт. Ал жоопкерчиликти көтөрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт.

- Журналист болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү, журналист болбосоңуз кайсы кесиптин ээси болмоксуз?

- Эч качан өкүнгөн эмесмин. Ушул тармактын тузун татып, суусун ичип жашап жатканым үчүн Кудайга ыраазымын. Эгерде ММК тармагына кокустан келип калбаганымда, мугалим болмокмун.

- Кыргызстанда сиздин оюңузча журналисттердин аброю канчалык?

- Тилекке каршы, абдан түшүп кетти. Жогоруда айтканымдай, той алып баргандар да “журналистмин” деп жазып жүрүшөт. Аны коёлу, журналистика факультетинде 5 жыл окуп, кызыл диплом менен бүтүп келгендердин билим деңгээлин көрүп таң каласың. Азыр башка тармактар сыяктуу эле, журналистикада да кадрдык кризис абдан орчундуу маселеге айланган.

- Аялга алтымыш өнөр аздык кылат дешет, журналистик кесиптен сырткары аялзатына тиешелүү дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

- Тамакты укмуш жасайм, сайманы терип саям деп айта албайм. Бирок, аялга тиешелүү өнөрлөргө шыктуу элемин. Бычып, тигүүнү жакшы эле өздөштүргөм. Гүл десте жасаган абдан жагат.

- Бир эмес, үч уулду тарбиялоодосуз, балдарыңызга бир эле учурда ата да, эне да болуп келесиз, эне катары эркек балдарды тарбиялоо оорчулук жаратпайбы?

- Баарына күчүм жетет. Көп кыйынчылыкты көргөм, бул эч нерсе эмес.

- Басып өткөн жолум тууралуу китеп чыгарам деп айтып калганыңыз бар, китебиңиз качан жарык көрөт?

- “Ушул айда, ушул күнү жазгандарым басылып чыгат”, - деп айтпаш керек экен. Бул эргүүгө жараша болот экен. Жакындап калды го.

- Айыл турмушу жөнүндө көп эскересиз, айылдын жашоосу жагабы же шаардынбы?

- Айылда жашаган жагат. Жүрөк тынч, жан дүйнө тынч. Керемет да, туурабы?

- Келечектеги пландарыңыз жана максаттарыңыз?

- Пландар көп, анын бир чети жөнүндө жакында биле аласыздар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Time журналы жыл мыктысын тандады: Грета Тунберг
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Ассоль Молдокматова онкологиялык оорусунан айыкты
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Баңгизатты мыйзамсыз сатып жүргөн жаран колго түштү
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Актан Рыскелдиев: Тарыхыбыздын башталганына 11 жыл болду
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Жол кырсыгынан 3 адам катуу жаракат алды
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Оштун чыгармачыл жаштары Жаңы жылга өзгөчө белек камдашууда
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Минюра Рахимжанова: Бийик деңгээлдеги музыкада өзүмдү сынап жатам
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Абылгазиев: Билим берүүнү экономика менен байланыштырып кароо керек
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
Айсулуу Молдалиева: Бактылуу болгула, үйлөнгүлө
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
​Эң көп ызы-чуу жараткан спортчулар аталды
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Калориялуу тамактарды сиңирүү үчүн кандай көнүгүү жасаш керек?
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Ошто вакансиялар жарманкеси болот
Чойбеков:
Чойбеков: "Кумтөрдө" жоголгондорду издөөгө кошумча күчтөрдү тартуу зарыл
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
Майрамга карата кабаттуу үйлөрдөгү кондиционерлер алынууда
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
​Дүйнө Кубогу: мушкер Азат Үсөналиев чейрек финалга чыкты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты
Момбеков: Карышкырдан коркпогон кыргыздар үч буттуу камерадан коркуп калышты