Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”

Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
13-Ноя. 2019, Шаршемби, 13:26

Кыргыз улутунун маданий, руханий баалуулуктарын чагылдырууда аны жайылтууда салттуу музыканын мааниси эбегейсиз зор. Бул жаатта элибиздин уучу кур эмес. Колуна комузун алып эл аралап обон созуп жүргөн таланттарыбыз арбын. Алардын бири ырчы, салттуу музыканы алып жүрүүчү Элмира Таджиева “ZAMAN.KG” маалымат агенттигине салттуу музыка жана өзүнүн чыгармачылыгы боюнча кеп куруп берди.

- Элмира алгач өзүң жөнүндө кыскача айтып берсең?

- Мен 1993-жылы 2-майда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлүп өскөм. Мектепте окуп жүргөн кезде комуз менен ырдаганга абдан кызыкчумун. Ошондон улам Сүлүктү шаарындагы Балдар чыгармачылык борборундагы комуз курсуна тапшырып сабак алдым. Жогорку билим алуу максатында Кыргыз-түрк Манас университетинин (КТМУ) көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнө тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Көп өтпөй устатым КРнын эл артисти Роза Аманова жетектеген "Маржан" тобунда ырдап калдым, топто ырдаганыма быйыл буюрса алты жылдын жүзү болду. Азыркы учурда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисткасы болуп эмгектенип келем.

- Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү кыйынчылык туудурбайбы?

- Негизи эле чыгармачыл чөйрөнү тандаган инсандар бул жолдун татаалдыгына, кыйынчылыктарына чыдап, талыкпай эмгектенип үзүрүн көрүп жүрүшөт деп ойлойм. Мен да бул жолдун татаалдыгына карабай тандап алдым, буюрса баарына чыдап, максатыма жетем деп ишенем. Эң негизгиси аракет болуш керек адамда. Аракет болсо эле баары болот. Ошондуктан үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып кетүү мага кыйынчылык деле туудурбайт. Баарына шүгүр, түшүнүктүү ата, апаларым, жолдошум, кызым бар. Алар дайыма мени колдоп келишет.

- Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарың бар?

- Чыгармачылыкта жаңылыктарым жакында эле Кундуз Таштаналиева эжебиздин обонуна жазылган “Күтүлбөгөн жаз” аттуу чыгарманын клибин чыгардык. Сонун чыгарма болду буюрса. Азыркы тапта теле-радиолордон кетип жатат. Көптөгөн жылуу пикирлер айтылууда. Алдыда дагы 2-3 ыр даяр турат буюрса, ушу ырлардын үстүнөн иштөөнүн алдында турабыз.

- Ырчылык жаатта эмне себептен дал ушул салттуу музыка багытын тандап алдың?

- Салттуу музыка жаатын тандаганымдын бирден бир себеби өзүмдүн устатым КРнын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын ээси Роза Аманова эжекем десем болот. Себеби эженин ырларын жаштайыман сүйүп укчумун. Мектепте окуп жүргөндө ошол эжедей болууну самачумун. Анын ырдап жатканын уксам, ага кошулуп ырдай берчүмүн. Жаштын тилегин берет дейт эмеспи, катуу ниет кылган экенмин, тилегим ишке ашып эженин шакирти болдум, азыркы тапта эже өзү түптөгөн "Маржан" тобунун солистимин.

- Салттуу музыка деп калдык, учурда дал ушул салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдөн кимдерди баалайсың?

- Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдун ар биринин өзгөчө таланты, өзгөчө ырдоо стили бар. Ар биринин маданиятта өз орду бар десем жаңылышпайм. Ошол себептүү мен бөлө албайм. Баардыгынын талантын сыйлайм, баалайм.

- Үнү жок, билими жок эле ырдап жүргөндөргө көз карашың?

- Көз карашым түз эле. Кандай десем эми, учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын. Талыкпай эмгектенип, аракет кылып эмгекчил болгондор чыгып эле жатат. Ал тургай популярдуу болуп кеткендерин көрүп жатабыз.

- Репертуарыңда кандай жанрдагы ырлар бар, кандай ырларга басым жасайсың?

- Негизи репертуарымда лирикалык ырлар аябай көп. Негедир жан дүйнөм лирикалык ырларга жакын. Көпчүлүгү ашыглык ырлар, дастан терме санат ырлары.

- Бош убактыңда эмне кылганды жактырасың?

- Убактымдын көбү кызым менен өтөт. Андан сырткары айымдарды сулуулап боёнтконду, чач өргөндү, чач жасалгалаганды жактырам. Кийим тиккен да жагат.

- Кайсы тилдерде ырдайсың жана кайсынысы сага жакын?

- КТМУда окуганыма байланыштуу студент кезден эле ар кайсы тилде ырдай баштагам. Ал жерде көп тилдүү улуттун өкүлдөрү окуйт жана иштейт. Ошол себептүү түркчө, өзбекче, тажикче ырларды ырдап жүрөм. Жакында эле иранча ырдап чыктым. Ар кандай тилде ырдаган жагат. Баары эле мага жакын.

- Алдыда кандай максат-пландарың бар?

- Алдыга койгон максат-пландарым абдан эле көп буюрса. Жаңы-жаңы чыгармаларды жазып, жаңы клиптерди тартууну пландап жатабыз. Жана айтып өткөндөй азыркы учурда эки-үч ырга клип тарттырайын деген ниеттерим бар буюрса. Айтор чыгармачылыкка билек түрө киришейин деген ниет-максаттарды коюудамын.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)