Маркум журналисттин жубайы жардам сурайт

26-Май 2017, Жума

Мындан эки жыл мурда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам боюндагы алты айлык эгиз ымыркайынан, эне болуу бактысынан, ага удаа боор оорусу менен жабыркап жүргөн жолдошунан айрылган Мехригүл Сайитованын кулагы укпай калган.

Тагдырдын бул жазмышын сыноо катары кабыл алган Мехригүл угуу органын калыбына келтирүү мүмкүн экендиги тууралуу билдирүү алгандан кийин, Түркияда жасала турган операциясы үчүн коомчулуктан жардам сурайт.

Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазып, кайдыгер эмес адамдардан каражат берүүнү өтүнгөн билдирүү калтырган. Төмөндө Мехригүлдүн кайрылуусун толугу менен берүүңү туура көрдүк.

“Мен Сиздерден жардам сурап кайрылып жатам. Албетте сурануу оңой эмес, бирок ойлонуп жатып ушул чечимге келдим. Эсиңиздерде болсо, мындан 2 жыл мурда ооруп, угуумду жоготком жана башка кайтарууга мүмкүн эмес болгон... айрылгам. Анын баарын калыбына келтирүү мүмкүн болбосо да, мага эң керектүү болгон угуумду калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Мен укпай калган убактан тарта көп дарыландым, эч жыйынтык болгон жок. Кайра угуп калууну самап кайда гана барбадым, кимдерге гана жалдырабадым, 100 эшикти кагып жооп ала албасамда 101-эшикти кагып көрө бердим. Жалдырап көчөдө олтуруп ыйлаган күндөрүм да болду. Ушунун баарында Апам чогуу болду. Акыры биздин сөзүбүз Кудайга жетип бир жолу табылды. Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, Түркияга бекер операция жасатууга барууну сурап арыз жаздык. Бизге Түркиядан операция жасатууга чакыруу келди, 2-3 жуманын ичинде кечиктирбей барышыбыз керек экен, болбосо кайра кабыл албай коюшат, анткени мен сыяктуу кезекте тургандар өто эле көп экен. Операция акысыз болуп, калган чыгымдын баары өзүбүздөн болот. Баардыгы болуп 5000-6000 доллар керектелет экен. Азыр бизде бул сумманын бир канча бөлүгү эле бар. “Элим барсыңбы?2 кайрымдуулук фондунан жардам болот дешти. Баары бир жетпей жатат. Сиздерден жардам болуп калаар деген үмүттө кайрылып жатам. Атам ден соолугу жабыркап жүргөнүнө карабай мени дарылатам деп Москва да иштеп жүрөт... Калган үмүтүм Сиздерде. Бул абалдан чыгуума колуңуздардан келсе, жардам берүүңүздөрдү суранам! Бул менин акыркы үмүтүм, акыркы мүмкүнчүлүгүм. Урматым менен Мехригүл”

Эскерте кетсек, Мехригүлдүн жолдошу Ысманали Муратов “Марал” радиосунун Оштогу кабарчысы болуп эмгектенген. Ал ата-энеси менен 2007-жылы Тажикстандан көчүп келген. Ал көп жылдар бою боор оорусу менен жабыркап, 2015-жылы Индияда боорун алмаштырган. Ага донор катары кайнатасы боорунун жарымын берген. Операция ийгиликтүү болуп мекенине келгенден көп узабай Ысманали кайтыш болгон. Ысманалинин операциясына достору көчөлөрдө, базарларда кыдырып чай, кофе, таттуу сатып, ырдап, түрдүү акцияларды уюштуруп каражат топтоп беришкен болчу. Мындан сырткары “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду да жардам берген.

Урматтуу окурман, Мехригүлгө жардам берүүнү кааласаңыз 0777 58 68 76 Элсом номерине каражат которсоңуз болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!