27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?

27-ноябрга чейин кандай аба-ырайы күтүлөт?
22-Ноя. 2019, Жума, 16:31

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт. 22-ноябрдан 24-ноябрга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

23-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк жерлерде, күндүз айрым райондордо жамгыр, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарынын кээ бир аймактарын туман каптайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүнүн көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

25-27-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп Чүй, Талас жергесинде түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -2…-7 градус суук болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз 0…-5 градус суук. Тоо этектеринде жайгашкан райондордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…-9 градус суук болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5 градус нөлдөн төмөн болот. Нарын дубанынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6 градус суук болуп, тоолуу аймактардагы суук -12…-17 градуска жетет.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратат. Мал кармагандардын ишин бир топ кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүп кетүү коркунучу бар. Кескин өзгөргөн аба-ырайынан улам ӨКМ бардык жарандарды этият болууларын эскертет!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Ачка калган аюулар айылга жакындады
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Айгерим Расул кызына «Жылдын мыкты ырчы айымы» наамы ыйгарылды
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Жеңишбек Жумакадыр: Миң жолу суранса да макул элем
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Абылгазиев: Логистикалык борбордо 10 миң жумушчу орун түзүлөт
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Турдакун Ниязалиев жаңы клип тартты
Марлен Маматалиев:
Марлен Маматалиев: "Мен Жогорку Кеңешке элдин жашоосун өзгөртө алам деген максатта келдим"
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Сапаргүл Абдинабиева: Эмнеге жаңы төрөлгөн баланын алгачкы 1000 күнү маанилүү?
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты