Азамат Болгонбаев: “Айтыштын" кадырын билбесек төкмөлүк өнөр ыйлап калышы мүмкүн”

Азамат Болгонбаев:   “Айтыштын
29-Ноя. 2019, Жума, 15:58

Байыртадан эле кыргыз эли сөз багып, кеп кадырлаган эл. Сөзгө анын ичинен төкмөлүккө өзгөчө маани берип баалап барктап келишет. Буга далил “Айтыш” коомдук фондунун иш-аракетин айтсак түк жаңылбас болот элек. Көрөңгөлүү кыргыз калкынын маданиятын, мурасын, нарк-насилин, тилин өнүктүрүүдө аталган фонддун жумурай журт үчун жазап жаткан эмгеги тоодой экени талашсыз. Төкмөлүк өнөргө салым кошуп, аны кийинки муунга калтырууда зор эмгек кылып келе жаткан инсандарыбыз арбын. Уюткулуу улуттун улуу сөзүнүн уңгусун улап, 20 жылга чукул төкмөлүк өнөрдү аздектеп, бабалардан калган ыйык мурасты бөркүндөй көрүп сактап келе жаткан ак таңдай акын Азамат Болгонбаев менен болгон маек назарыңыздарда.

- Улуу өнөрдү аздектеп келе жатканыңызга канча жылдын жүзү болду? Чыгармачылыкка болгон чыйыр жол качан, кантип башталган?

- Негизинен айта турган болсом, дээрлик комузга ата-энемдин багыты менен 1-классымдан баштап эле бара баштадым. 1997-жылдар болсо керек менимче. Ошол жылдары мындай бир маселе болгон экен. Ошол кезде Замирбек Үсөнбаев жетектеген “Акындар жана манасчылар” деген ассоциация бар болчу. Ал ассоциация ПРООНдун колдоосу менен жергиликтүү устаттар жергиликтүү элдин арасынан шакирттерди тарбиялашы керек деген өңүттөгү маселе жаралыптыр. Мен өзүм Арашандан болом. Коңшу Кой-ташдеген айылда Абдылашым деген аксакал бар эле, ал кишинин көзү өтүп кетти. Ал киши баягы демилгени колдоп бирөөлөрдүн айтуусу менен мени издеп келиптир. Тилекке каршы мен ал учурга чейин акындык деген эмне, төкмө акындык деген эмне, жамактайт деген түшүнүк менде чындап эле таптакыр жок болчу.Эми албетте комуз чертчүмүн бирин экин ыр-күүлөрдү чертип калган жайым бар.Ал киши мени таң атпай издеп келиптир. Комузуңду алып кел деди,ырдап чертип бердим. Жамактап ырда деди. Жамактап ырда деген эмне экенин билбейм да чынында. Анан өзү бир 8 сап ыр жазып берди. Анан ушуну жаттап алып мага кел деди. Ал кишинин үйү биздин үйдөн бир топ эле алыс. Таң калганым, ошондо балалык оюнкараак сезим менен барбай деле койсом болмок. Себеби ал киши үчүн он чакырым жолду жөө басып барыш керек эле. Кудайдын буйругу да мени тартса өнөр тартса керек.Өнөргө болгон кызыгуу жетеледи десем болчудай. Ал аксакал жуманын ар ишемби күнү кадимкидей сабак өтө баштады. Эртеден кечке сабак өтөт. Кой-ташта Жанар деген жигит бар, ал башка тармакка өтүп кетти, мыкты акын эле азыр эми мыкты юрист. Ошол экөөбүз ээрчишип барып жаттык. Ал аксакал анан күндө бир термелерди, экөөбүзгө ылайыктап айтыштарды жазып берет. Бир жыл бизди аябай таптады. Жарым жыл өткөндө жанагы айткан уюмдан комиссия келди. Мындайча айтканда 6 ай, эми бир семестр да ошол аралыкта 30-40 терме жаттадык. Ошонун баарын ырдап айтып бердик. Баягы келген өкүл жактырып кетти аябай.


- Төкмөлүк өнөргө болгон ышкыңыз кантип пайда болду?

- 97-жылдын жайында каникул учурунда, башында Көлдө болот деген. Кийин Таш-Мойнок деген айылда балдардын лагери бар болчу, Беш күңгөйдүн жанында ошол Көлдө боло турчу фестиваль менин айылыма жакын жерде өтө турган болуп калды. Кыргызстандагы, элдик оозеки чыгармачылыктагы, айтор улуттук баалулуктагы, өнөрдөгү, искусстводогу бүтүндөй аксакалдардын бардыгы келди. Ошол эле Ашыраалы, Тууганбай,Эстебес аталар, Замирбек агай, манасчылардан Уркаш аба, Шаабай Азизов, Каба Атабеков...Айтор, иши кылып мындайча айтканда кыргыздын каймактары жанына бирден экиден шакиртин ээрчитип алып ошол фестивалга келди. Ошондо өмүрүмдөбиринчи жолу бүтүндөй залкарларга учурушып ырдадык. Аксакалдардын батасын алдык десем да болот. Негизи ушул иш-чара келечекте менин жолумду ача турчу иш-чара болду. Ошентип фестиваль аяктап элдин баары тарады, биз элдин аягында устатыбызды ээрчип алып Жанар экөөбүз кетип баратабыз.Кокусунан эле Замирбек Агай ошол иш-чараны жыйынтыктап машинеси менен биздин артыбыздан чыгып келатыптыр. Негедир агайдын назары түшүп калган экен. Мага канчанчы класста окуйсуң балам деди? 8-класста окуйм десем, мектепти бүткөндө Искусство институна кел, ошол жерде сабак берем деди. Менде ал кезде артисти окута турчу окуу жай бар экен деген түшүнүк жок болчу.13-14 жашымдан баштапдал ушул өнөргө болгон далалатым күчөдү.Аябай чын дилимден аракет кылдым ошол нерсеге. Себеби8-класстан баштап окууну бүткөнгө чейин аксакалга барганымды токтоткон жокмун. Сабагын калтырбай барам, мындайча айтканда мен илгеркинарк менен устат ээрчидим десем болот. Айтор Абдылашым ата өзүнүн устаттык милдетин аткарып мени ушул нукка бурду. 2000-жылы мектепти бүтөөрүм менен Искусствоинститутуна келдим. Замирбек агайдын айтуусу менен тапшырдым.

- Адатта шаарда окуган балдар төкмөлүктү кой, кыргызча оюн толук билдире алышпайт, анан кандайча сизден төкмө акын чыкты?

- Чынын айта турган болсом мен чын дилимди бердим бул өнөргө, мен абдан далалат кылдым. Бул нерсеге да айрым бир турмуштук нерселер себеп болуп кетет. Менин таалайыма жазылгандай: биринчиси жанагыга окшогон фестиваль, экинчиси мага Замирбек агайдын назары түшүп калганы. Эгер ошол учурда Замирбек агайга кезикпесем, ал мени чакырбаса мен 8-класстан 11-класска чейинки аралыкты жөн эле өткөрүп коймокмун. Мени ошол агайдын сөзү байлап койду, ошонун жыйынтыгы менен 4 жыл максат коюп жүрдүм,мен ошол жерге окушум керек деген максат менендалалат кылдым. Үчүнчү себеби дал ошол жылдары менин бактыма “Айтыш” коомдук фонду түзүлүп калды. Бизде чоң айтыштар ал учурда таптакыр өтчү эмес. Элмирбек, Жеңишбек, Амантай агаларыбыздын аттары чыгып калган.“Айтыш” коомдук фонду түзүлгөндө айтыш өткөрүү демилгеси коюлду. Ал айтышка 8 акын катыша турган болуп калды. Шарт мындай болду,ыраматылык Майра жеңе, Абдылда Нуралиев, Амантай Кутманалиев, Жеңишбек, Элмирбекбайкелер, булар тандоо туру жок эле катышат, өзү айтыш жаңы өтүп жатса, байгеси да бир аз чаканыраак. Бешөө катышат үчөөнү чүчүкулак менен тандап алабыздешти. Анан менин атым чыгып калды кудай жалгап, ошол айтыш эки жолу болду. Анан кудайдын буйругу менен ошол айтышка эки жолу теңкатышып калдым. Дагы суроо жаралат, мүмкүн ошол эки айтышка катышпай калсам, мүмкүн дагы артта кала берип сынып анан жок болуп кетмекчыгаармын деп. Ушундай нерселер мага себепболду. Буга чейин да “Айтыш” коомдук фондун барганга чейинки окуя, Максат Кулуев менин курсташым, учурда “Эл шайырларынын”жетекчиси. Максат бир күнү келди айтышка барбайлыбы деп. Замирбекагай айтыш өткөрүп жатыптыр тарых музейинде. Бардык экөөбүз, менин атактуу Жансерке деген уста чапкан комузум бар, тарыхый комуз. Баягы фестивалда Ашыраалы ата менен Тууганбай атага мурда учурашып ырдагам да. Баягы комузду кармап турам, ал комузду таанышаарын билем. Ашыкем Тукама шыбырап атат, мен тарапты көргөзүп жатты, мен сезип жатам да комуз тууралуу кеп болуп жатканын. Экөө бир аз сүйлөштү, мени чакырды. Ким болосуң деди. Мен баягы Абдылашымдын шакирти Азамат болом дедим. Анан ал акасакал ушул жерде “Айтыш” фонд деген ачылып жатат “Ачакей” деген фирма бар ошол жерге кел деди. Максат экөөбүз эдиреңдеп жөнөдүк. Издеп таап алдык, жанагынтип анан 2 жолу айтышка катышып калдым. Кыргызда айтып коёт го бирде бак чуркайт бирде ат чуркайт, бирде бап чуркайт деп. Меники ошол үчөө тең ошол учурларда чуркады десем болот.

- Ага айтсаңыз, “мыкты устат” кандай болушу керек? Устат-шакирт тууралуу азын-оолак кеп куруп берсеңиз?

- Маселен бир атактуу киши болушу мүмкүн,өзүнүн кесибинин аябай профессианалы, бирок ал мыкты устат болбой калышы мүмкүн. Атагыжок эле жөнөкөй эле бир өнөрпоз болушу мүмкүн, комузчу же акын ал абдан мыкты устат болуп кетиши мүмкүн. Буга далил деле айтсак мыкты-мыкты залкарлар бар, атактуу, дүйнө тааныйт, бирок устат боло албайт. Жанагы мени таптаган Абдылышым атам деле буга мисал. Ал өзү зоотехник болсо керек. Эми устат деген бул ар бир адамдын жүрөгүндөгү өзүнчө бир өнөр окшойт да. Ошол эле Ашыраалы ата, Тууганбай аталар мыкты устат болду. Устат болгондо кандай эми, бирөөлөр ойлошу мүмкүн, отургузуп алып керели кечке ыр жазгыла,ырдагыла деген атайын эреже жок. Отуруп алып эле сүйлөшө беребиз. Алар наасат кеңештерин айтышат кеп арасында ырдашат дегендей. Акындык өнөрдө устаттык ошол экен негизинен. Дээрлик сыймыктанганым, кубанганым баардык устаттардын тарбиясын алдым.


- Кепке улай эле, алгач шакирт болдуңуз, эми мына минтип устатка карай багыт алып бара жатасыз, устат болуу оорбу?

- Бир-эки курдай өзүм окуган жерде сабак берип иштедим. Устат болуу албетте татаал. Себеби акындык өнөр, жалпысынан алганда 2000-жылдардан тарта абдан популярдуу боло баштабадыбы. Көп-көп айтыштар өтүп, көпчүлүгү эле акын болом деп келет, бирок комуз черткенди билбейт, эми ар бир кыргыз бир-эки сапты жамактаганды билет. Мындай бир киргиз эле болуп калбаса, бир 10 сапка чейин жамактаганды баары эле билет.Бирок муну өнөр катары алып кетиш чындап эле татаал. Менден эми албетте чындап баш-отумду салсам жакшы мугалим чыгат,бирок атайы ээрчитип устаттык кылып көрө элекмин.Албетте мунун түйшүгү да бар, жоопкерчилиги да бар. Бир адамдын тагдырын бир нукка жетелешиң керек дегендей.Себеби мына, мен деле канча жылдан бери өнөрдө жүрөм, мен устат болоюн деп такыр башымды салып атайын бул жолду баштай элекмин. Устаттык кылууга эми дагы да убакыттар келээр.

- “Айтыш” коомдук фонду деп калдык, төкмөлүк өнөрдө анын орду аябагандай чоң . Анан эми жаңы чыгып келе жаткан төкмө акындар тууралуу, негизи эле учурда, айтыштын, төкмөлүк өнөрдүн акыбалы кандай, айта кетсеңиз?

- Өнөр өлбөйт деп коёт. Өнөдүн өлбөөрү бул талашсыз далил. Бирок кандай гана шарт болбосун кайсы бир деңгээлде сүрөп колдоп туруш керек. Биз “Айтыш” коомдукфондунун ысык суугуна бирдей ысып бирдей өстүк. Фонд дагы жаңы түзүлдү. Биз дагы өнөргө жаңы аралаштык. Мындайча айтканда үйдун улуу балдары ата-энесине бир аз күйүмдүрөөк болуп калат, кичүү балдары көп барды-жокту билбей калган сыңары кийинчерээк чыккандар фонддун баа-баркын билбеген чыгаар. Чындап келсе “Айтыш” коомдук фондунун орду чоң, азыр “Айтыш” коомдук фондунун кадырын билбесек бул өнөр эртең деле ыйлап калышы мүмкүн, себеби 90-жылдара бул тармак кандай абалда болгонун баары эле билет. Албете колдоп сүрөш керек, бар нерсени аздектепалыш керек. Акындар боюнчаайта турган болсок. “Айтыш” коомдук фондубир жылы мындай демилге кылганбыз, ал иш-чара ар жыл сайын өтүп келе жатат.Жаштарга стимул,демилге болсун деген максатта 2013-жылдан бери “Жаш таңдай” деген өзүнчө бир айтыш өткөрө баштадык. Жыл сайын өтүп келе жатат, ал бир топ балдарды өстүрдү. Башкача айтканда чоң айтышка даяр кылып койду. Жалпысынан бул айтышка 30 жашка чейинки 30дан ашуун акын келет. 30 дан ашуун акындын келиши бул чоң казына. Мен ойлойм дээрлик ушунун жарымынан көбү кудай буюрса өнөргө кызмат кылган акын болуп калат деп эсептейм. Мисалы бизден киийнки муунду айтсак Баяндын, Асылбектин, Кубаттын, Жылдызбектин, Болоттун, Тураттын, Акматтын аты чыгып калды. Булар чын дили менен өнөргө башын салып, кыргыздын мыкты акындары болуп да калды десек болот.

- Купулуңузга толгон айтыш кайсы жана эмнеси менен эсиңизде калды эле?

- Эми мындай да учур болот кээде байге аласың бирок аттиң купулуңа толбой калышы мүмкүн, өзүң сезесиң баары бир бир жери кемип калат, бир жеринин тузу кем болуп калат. Анан бир учурлар болуп калат, байге да албай каласың, бирок айтышың жакшы болуп, жайдаңдап көңүлүң да көтөрүңкү болот. Бул нерсе эми ошол ырдап жатканда элдин сүрөөнүндө, эл менен болгон алакада. Эл күткөн нерсени айта алсаң ошол нерсе көкүрөгүңдү сүйүнтөт болуш керек деп ойлойм. Коргоол атабыздын 130 жылдыгындагы айтышта өзүм таң калдым негедир өзүмдүн бир эргүүм ачылды окшойт. Ошол айтышта өзүмдүн оюмдагыны айта алдым деп эсептейм.

- Адам баласына дайыма эле ийгилик жылмая бербеши бышык. Кайсы бир учурлар ийгиликтин башаты болсо, айрым учурда аксап калган жагдай болот дегендей. Сиз үчүн кайсыл учурлар ийгиликтин жылдары болду?

- Жаштыктын өзү ийгилик окшойт деп ойлойм. Биринчи айтышка чыккан учурларымда мен 18ге деле толо элек болчумун. Ар бир баштагы айтыштарымды эсептеп келе турган болсом, ошонун баарында мени ийгилик коштоп турду. Албетте турмушта, үйлөнөсүн, жайланасың,бала-чакалуу болосуң, мунун баары ийгилик. Жаш кезде кыял-эргүүң бийлеп турган учур болот окшойт. Жаштык кез мени өнөргө аралаштырууда ушул ийгилик мени абдан коштоду деп эсептейм. Жана башта айтып өткөн жагдай-кырдаалдарды эске алганда, өзүм жарым шаардык болсом (күлүп), анан келип акын болуп калуу бул да болсо менин багыма жазылган ийгилик. Анан албетте дал ушул өнөрдүн аркасы менен көптөгөн залкарлардын колун кармап ошолордун батасын алдым. Бул дагы менин турмушумдагы эң чоң ийгилик болсо керек деп эсептейм.

- Айтышта сөз таппай же такалып калган учурлар болобу, деги эле айтыш учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?

- Эргүүңө жараша, маанайыңа жараша сахнадан кыйналган учурлар болот. Кээде 20 мүнөт көп сезилет, кээде аз сезилет. Эргүүң келип жакшы ырдап жаткан болсоң 20 мүнөт жетпей калат. Сахнада таптакыр токтоп калуу деген болбойт, бирок кайсы бир деңгээлде андай кырдаалды сезип туюп жөнгө салып кетесиң.

-Төкмөлүктөн тыш дагы кандай таланттарга эгедерсиз?

- Өнөрдөн тыш десем болбой калат. Эми башка тармактарда көп эле иштедим. Маселен чек-ара ансамблинде иштедим, мугалим болуп иштедим, эки чоң телеканалда иштедим. Аалы экөөбүздүн долбоор менен бир убакта “Ала-Тоо таңшыйтты” алып барып калдык . Бирок ушулардын бардыгы эле акындык өнөргө байланыштуу десем жаңылышпайм. Эми башка бир нерсе кылсам колуман келетболуш керек деп эсептейм. Себеби бир нерсени үйрөнгөнгө чын дилимен аракет кылам, жазап да көрөм. Бала күнүмөн эле ошондой болчумун, болсо болду, болбосо жок. Балдарыма да, алар бир нерсе кылып жатса кылып көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берем.

- Кеп учугун үй-бүлөңүзгө бурсак, үйдө кандай кожоюн жана кандай атасыз?

- Ата катары, кожоюн катары стандарттуу нерселерди аткарганга аракет кылам. Үй-бүлөнү камсыздоо керек, бала-чаканы багуу деген милдеттерди толук аткарып келем колумдун келишинче. Балдарга тарбия берүү да бул чоң түйшүк болуп эсептелет экен. Азыркы заманда баланы тарбиялоо өтө оор. Замандын талабы башка. Жалпы багытта тарбиялап, билим берип, колдун келишинче аракет кылып жатабыз. Келинчегим да чыгармачыл инсан, азыр балдар менен үйдө, балдар кичине болуп, аларды тарбиялоо менен алек.

- Сизге берилген төкмөлүк талант балдарыңыздан байкалабы?

- Чоң балам 9 жашта. Жалпысынан караганда балам искусствого жакын эмес. Аракет кылып көрдүк, комузга бердик, тилекке каршы бул жаатка дээрлик кызыгуусу жок. Кызым быйыл 1-класска барды, аны 5 жашынан баштап эле комузга берип койгонбуз, кызым абдан жакшы үйрөнүп кетти. Мектепке чейин эле үйрөнүп кетти. Атайын багыт менен үйрөтсө балким үйрөнүп кетет. Кичине кызым беште аныкы азырынча билине элек. Бирок төкмө акын болуп кетпейт го деп ойлоп атам. Тууганбай ата: “Осмонкул туудура албаган баланы мен туудурмак белем”,- деп ташалап калчу. Бул дагы эми кудайдын буйругу болуш керек деп эсептейм.

- Уюткулуу элдин уулусуз, учурдагы элибиздеги болуп жаткан кырдаал, жагдайга болгон көз-карашыңыз?

- Мен ушул нерселерге акыркы учурда башкача өңүттө карай баштадым. Мамлекеттин чабал болуп жатканына бийликтин күнөөсү бар экени талашсыз далил. Биз азыр Эшмат, Ташмат күнөөлүү дегенден да алысболушубуз керек болуп калды. 91-жылдан бери башкарып келе жаткандын бардыгынын эле моралдык жоопкерчилиги бар деп эсептейм, ошол эле учурда жалпы эл дагы бир муштумдай түйүлүп бардык нерсеге акыл менен карап аң-сезимдүү карабасак анда мамекетибиздин келечеги оор болот деп ойлойм. Эгер эл биримдиктүү болуп, элдин ой-максаты бир жерден чыгып, эң эле жок дегенде шайлоого таза тыкан барганды үйрөнүп алсак анда мамлекетибиздин келечеги жаркын болот деп эсептейм. Дагы бир фактор бар, биз мамлекетти өнүктүрүш керек десе эле, экономикалык, социалдык багыттан кеп козгойбуз. Бирок элдин маданий-руханий жагын өстүрбөсөк бизди мамлекет катары көптөгөн акча да сактап кала албайт. Ошондуктан руханий жактан биримдиктүү болушубуз керек деп ойлойм. Биз ынтымак менен нарк менен бирикпесек мамлекеттин келечеги оор болуп калат. Кечээ бир жакшы соз уктум: “Бабаңдын эмне кылганы менен мактанбай, балаңдын эмне кыларын ойлонуш керек” дегендей эле, биримдик менен акыл калчап дайын жок бир нерселерди талашып уруша бергенди токтотпосок улутубузга эле зыян болот деп эсептейм. Бизге биринчи кезекте билим керек, акыл керек, ынтымак, биримдик керек. Ушул нерселерди ишке ашырсак биз абдан гүлдөгөн мамлекетке айланбыз.

- Келечек муун деп калдык, жаштардын көбү кайдыгер болуп кеткен жокпу, азыркы тапта кандай жаштар тарбияланып келе жатат жеп ойлойсуз?

- Азыркы жаштар эле эмес, акыл калчап калган адамдар деле кайдыгер болуп калуу коркунучунда болуп турат. Анткени коомдо ар кандай нерселер болуп жатат, бара-бара көнүмүш дагы боло баштайт экен. Кечээ ошол окуяга кайгырган болсоң бүгүн кайгырбай деле калгандай. Мүмкүн заман өзү кайдыгер кылып коёт чыгар да. Көпчүлүк учурда ушундай тенденция бар, бир нерсе болсо эле жаштардан көрө беришет. Ошол эле аксакалдардын мыктылары бар, ошол эле аксакалдардын начарлары бар, орто муундун деле жаштардын деле ошондой жаманы, жакшысы бар. Арасында таптакыр коомго пайда алып келбеген зыян алып келгендери да бар. Мыкты жаштарыбыз чындап эле абдан көп. Бирок ошону кандай пайдаланабыз ал коомдун, мамлекеттин иши. Биз аны туура жолго салып пайдалансак бизди өстүрө турган мыкты жаштар чыгат. Аларды кайдыгер деп айтуудан алысмын, карыбыз дагы жашыбыз дагы туура жолго түшүшүбүз керек. Ар бир жаран мамлекетке пайда алып келиши керек деп эсептейм.

- Өкүттө калган учурларыңыз болду беле?

- Адам болгондон кийин өкүт болбой койбойт. Оорудан улам атамдан айрылып калгам. Атамдын кайтыш болгогнуна 9 жыл болуп калды. Мүмкүн азыркымедицинаны колдонсо аман алып калуу мүмкүнчүлүгү болот беле деп ойлоп кетем.Ошол нерсеге абдан өкүнөм. Мүмкүнчүлүгүм жетпей калганына, болбой калганына. Жаштыкта болсо айрым нерселерди аткара албай калдым деп өкүнөм. Жалпы саясий коомчулуктагы өкүттөрүм болсо кээде ушул шайлоого чын дилибиз менен таза бара албасак, кантип улуу эл болобуз деп өкүнөм. 2015-жылдагы шайлоодо эл кыдырып калдык, ошол учурда элдин деңгээлине капа болдум. Себеби ошол жагдайлардан улам жалпы улуттук деңгээлде, мамлекеттик деңгээлде ойлонгондор азбы деп өкүттө калат экенсиң. Дагы бир ирет айтаарым биримдик менен гана биз чоң мамлекет кура алабыз.

- Азыркы тапта эмнени ойлонуп жатасыз?

- Жеке чыгармачылык менен жүрөм учурда. Жеке концерт коё элекмин. Ар кандай шарт жагдайдан улам ушуну ишке ашыра албай жатам. Негизи ушул жеке концерт берүү оюмда жүрөт. Бирок жакын арада эмес. Концерт коюу да татаал болуп калды. Элди эс алдыра турган, көңүлүн көтөрө туган жакшы бир сапаттуу концерт коюу тууралуу ойлонуп жүрөм.

- Жалпы замандаштарыбызга болгон кайрылууңуз...

- Жалпы кыргыз элине ынтымак менен биримдик каалайм! Өзүм Чүйдө төрөлүп өстүм, көп жерден сый урмат көрдүм. Кыргызстандын кайсыл гана аймагы болбосун баары мен үчүн ыйык. Бир жылдары бир байке менен чет жерде жүрүп калдык. Ошондо айрым кыргыздар өзүнүн элинин, жеринин баркын билиш үчүн ар бир кыргызстандыкты чет өлкөгө турист кылып чыгарып келиш керек экен дегенбиз,аттиң ай биз деле ушундай болуп өнүгөлү деп аракет кылып калабы деп. Алакандай эле кыргызбыз, бир аз эле элбиз казактын жакшы сөзү бар “ар казак менин жакыным” деген,ошол сыңары ар кыргыз кандай кырдаал болбосун бирин бири жөлөп таяп туруш керек деп эсептейм. Ким, каяктан болбосун биримдикте болушу керек. Кыргызга ырашкерлик менен ынтымак тилейм, жаштарыбызга билим, ыйман тилейм. Кудайга шүгүр бардык нерсе бар бизде,ошону биримдик менен колдонуп кетсек эле баары жакшы болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Акчага сатып алган аянттан кенч табылды
Абылгазиев:  Сырттан акча алганды кыскартуу керек
Абылгазиев: Сырттан акча алганды кыскартуу керек
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
9 айлык бала баңгизаттан көз жумду
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Айсулуу Тыныбекова өзгөчө видеосун бөлүштү
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Ичтеги майлар билинбеш үчүн кандай кийинүү керек?
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Айпери Кубик кызы макияжы жок сүрөтүн көрсөттү
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
Назира Айтбекова: Энесине таарынгыла, бирок балаңардан кол үзбөгүлө
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын жаңы дуэти хит болобу? (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын жаңы дуэти хит болобу? (видео)
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14,5 тоннадан ашык лимон кармалды
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 14,5 тоннадан ашык лимон кармалды
Кыргызстанда кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт
Кыргызстанда кыска метраждуу тасмалардын фестивалы өтөт
Бектемир Мамаюсупов: “Мекенди” 24-январдан баштап көрсөңүз болот (видео)
Бектемир Мамаюсупов: “Мекенди” 24-январдан баштап көрсөңүз болот (видео)
Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты
Гонконгдо жүз миңдеген эл көчөгө чыкты
Чач кургатуунун сырлары
Чач кургатуунун сырлары
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Хабиб Нурмагомедов атындагы спорт клубу ачылат
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду
Ошто токко урунган аскер кызматкери каза болду