Жыпар Ашакеева: «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат»

Жыпар Ашакеева: «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат»
6-Дек. 2019, Жума, 11:32

Учурда Кыргызстанда эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын саны арбып бара жатканы маалым. Ушул жана башка жугуштуу оорунун түрлөрү боюнча маалымат алуу макстында «ZAMAN.KG» маалымат агенттиги Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөлдөө борборунун мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башычысы Ашакеева Жыпар Камчыбековна менен маектешип кайтты.

- Өзүнүз тууралу кыска баяндап берсеңиз жана бул бөлүмдө канча убакыттан бери эмгектенип жатасыз?

- Өзүм Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтун 1993-жылы аяктагам, кесибим врач-эпидемолог. Мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башычысы болуп 2007-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Биздин бөлүмдө 5 врач, 3 жардамчы, 2 лаборантжана бир санитарка иштейт. Башында бөлүмдө чакан жамаат менен иш алып барчубуз. Ал убакта малярия (безгек) оорусу болуп турган . Бишкектин Ак-Бата жана Калыс-Ордо жаңы конуштарындагы ар бир үйдү чиркейлерге каршы дезинсекциялоо иштерин жүргүздүк. 2009-жылы дал ушул малярия оорусу Бишкек шаарында катталган жок. Эмгегибиз бааланып 2015-жылы Кыргызстанда безгек оорусу женип алынды деген сертификат берилди. Ошону менен катар эле эхиноккокоз, альвеококкоз, кене энцефалити, сейрек кездешүүчү: токслплазмоз, токсокароз, описторхоз сыяктуу аныкталган оорулар менен иштейбиз. Негизинен биздин жумуш көп кырдуу. Мисалы биздин кызматкерлер ооругандардын үйүнөн топурак алып келсе, лаборанттар аны карашат, врач-энтомолог кенелердин, чиркейлердин түрүн аныктап берет, лабораторанттарыбыз болсо адамдын заңдарынан мите курттардын аскарида, чүчөк курту, лямблиоз жана сейрек кездешүүчү курттарды аныктап карашат. Биздин жумуш кызыктуу, бир эле учурда бир нече жумушту аткарабыз. Мисалы жаз башталганда биздин жумуш да күчөп баштайт. Болушунча бир дагы пунктту калтырбай текшерип чыкканга аракет кылабыз.

- Малярия деп калдыңыз, замандаштарга бул оору тууралуу кыска маалымат берип кетсеңиз?

- Малярия – бул чиркейлердин чагып алуусу аркылуу жуккан оору. Башкача айтканда безгек оорусун чиркейлер таратат. Безгек оорусун козгоочу мителерди алып жүрүүчүлөр болуп анофелес чиркейи эсептелинет. Бул чиркейлер мителерди безгек менен ооруган адамдардын канын соргондо жуктуруп алышат. Башка адамды чакканда чиркейлердин шилекейи аркылуу мите адамдын канына өтөт. Ал таза адамга да бат эле жугат.

- Жалпы калктын жана адамдардын ден-соолугуна жагымсыз болгон эң негизги факторлор кайсылар?

- Ички жана тышкы миграция. Бул деген эми мисалы биздин жарандар кайсы бир иштер менен безгек көбүрөөк кездешкен аймактарга барышып, ал жактан чиркейлерге чагылып, ооруну жугузуп келишет. Суулу, саздуу жерлердин тазаланбастан эс алуу жайларына айланып баратышы. Мисалы «Ала-Арча» суу сактагычынын тегерегинде таштанды жайлардын көбөйүшү, гигиеналык эрежелердин сакталбашы. Мындан сырткары жөнөкөй мисал жаңы конуштарда сууну челектерге куюп коюп, мейли тура берсин жылып деп коёбуз. Анын үстүн дагы жаппайбыз. Бул туура эмес, себеби безгек чиркейлери дал шундай сууларга конот да, албезгек чиркейлеринин жумурткаларынын өрчүп өсүүсүнө алып келет.

- Бул ооруга негизенен кайсы курактагылар көп чалдыгышат жана ооруну алдын алуу жолдору кайсылар?

- Безгек оорусу менен бардык курактагы адамдар оорушу мүмкүн. Ал эм маляриядан сактаныш үчүн төмөндөгүлөрдү аткаруу кажет:

- терезелерге чиркей өткөрбөөчү тор тагуу;

- жеңи узун, багалеги узун кийимдерди кийип жатуу;

- чиркейлерди үйгө жолотпоочу электр фумигатор, спрей, крем сыяктуу каражаттарды колдонуу ;

- жайкы убакта пашаканаларды колдонуу;

- Учурда Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандардын саны көбөйүп бара жаткандай?

- Эхинококкоз жана альвеококкоз Кыргызстанда абдан кеңири таралган оору, тилекке каршы аны дарылоо хирургиялык жол менен гана жүргүзүлөт. Эхинококк мите курттарын алып жүрүүчүлөр болуп ит, карышкыр, түлкү сыяктуу жырткыч жаныбарлар саналат. 2019-жылдын 10 ай ичинде жалпы эхинококкоз жана альвеококкоз менен ооругандардын саны 378ди түзгөн. Алардын ичинен 11,2% Бишкек шаарынын тургундары болсо, 88,8% сырттан (Нарын, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын жашоочулары жана Казахстан Республикасынын жарандары).

- Дал ушул багытта тагыраагы, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылууда кандай иш-чаралар аткарылып келет?

- Бишкек шаарынын калкынын саламаттыгын чыңдоодо 2016-2020 жылдарга Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаменти менен Бишкек шаарынын мамлкеттик ветеринардык-санитардык башкармалыгынын өз ара айкалышкан жана бирге аракеттешүү планы түзүлгөн. 2019-жылдын 10 айында бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери, мектеп жашына чейинки мекемелердин медицина кызматкерлерине жана лицейлердин окуучулары үчүн эхинококкоз оорусунун абалы жана алдын-ала чаралары боюнча семинар өткөрүлгөн. Ар бир эхинококкоз оорусунун учуру боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун борборлоруна жана Бишкек шаарынын мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармалыгына 127 санитардык көрсөтмөлөр берилген. 2019-жылдын апрель айында Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда “Эхинококкоз оорусун алдын алуу” акциясын уютурду. Акцияга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунун, Октябрь, 1-Май, Свердлов, Ленин администрациялык райондору боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципиалдык администрацияларынын, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын, Бишкек шаардык ден-соолукту чыңдоо борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу боюнча инспекциясынын өкүлдөрү, Кыргыз Мамлекеттик медицина академиясынын студенттери, №93-орто мектептин окуучулары жана аталган конуштун тургундары катышты. Акциядан кийин каалочулар УДИ аппаратынан өтүштү.

- Акыркы суроо болсун, бул кесипти эмне себептен тандап калдыңыз? Анан жалпы замандаштарга тилегиңиз?

- Бала кезимен эле элдерге бир нерселерди түшүндүрүү иштерин жактырчумун. Анан дайыма элдер оорубаса экен деп тилек кылчумун. Адамдар оорубаш үчүн алдын ала кандай кылып жардам берсе болот деп эле ойлой берчүмүн. Адамдарга жардам бергенди жакшы көрчүмүн.Тилегим ишке ашып ушул кесиптин ээси болуп калдым. Негизги байлыгыбыз эл, канчалаган жаш муундар өсүп келе жатат. Ар кандай оорунун түрү да көбөйдү. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат»,- дегендей жалпы замандаштарга айтаарым, дарыгерлерге убагында текшерилип, ооруганда дароо кайрылып, өздүк гигиенаны таза сактоолорун өтүнөт элем. Ден-соолук ар бирибиздин колубузда, андыктан ар бирибиз ден соолугубузга кам көрүп, аны аяр сактай билели!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Жалал-Абадда өрт кырсыгынан 12 кишинин өмүрү сакталды
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, натыйжада 3 адам жабыркады
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
ИИМ: 2019-жылы 393 эркек аялынан зомбулук көргөн
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Абылгазиев: Жаштарды тарбиялоодо кинематографтын ролу кыйла маанилүү
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Министр Жаманкулов тарый музейи эмне себептен ачылбай жатканын айтты
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Мээге терс таасир эте турган адаттар
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Германия кесипкөй адистерге муктаж
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
Апта соңунда төмөнкү салатты жасап көрүңүз!
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
​Хиджабын чечкендиги үчүн өлкөсүнө бара албай жатат
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Ашказан рак оорусунун алгачкы белгилери кандай болот?
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
Франция Ортоңку Чыгышка учак кемесин жиберет
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
18-январь: абанын температурасы +6 градус болот
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
​Бокс боюнча дүйнө чемпиону допинг менен кармалды
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү