Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады

Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
11-Дек. 2019, Шаршемби, 14:56

9-декабрдан баштап жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн баасы 573 сомго кыскарып, жалпысынан 733 сомду түздү. Күбөлүктөр арыз жазгандан кийин төрт күндөн соң даяр болот. Анткени алар бир гана Бишкектеги "Инфоком" ишканасында жасалат. Андан соң аймактарга жөнөтүлөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынан бланктарды сатып алуу мурдагыга караганда тогуз эсе төмөндөп, 100 сом 86 тыйынды түзөөрүн белгилешти.

Эскерте кетсек, быйыл июнь айынан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүктү берүүнү токтоткон. Себеби эски үлгүдөгү бланктар жок калганын айтышкан. Жаңысы даярдала элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Анын жарактуулук мөөнөтү 2019-жылдын 31-декабрына чейин.

Буга чейин мекемеден күбөлүктөр 1-октябрдан тарта берилип баштарын кабарлашкан. Бирок ноябрдын ортосуна, андан кийин декабрдын башына жылдырылып, кийинчерээк 9-декабрда берилери айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишканалар сыйланды
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим
Биринчи мугалим Дүйшөндүн кызы “​Эмгек сиӊирген мугалим"​ наамына татыктуу болду
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
​Джиу-джитсу мелдешинде катуу мушташ чыкты (видео)
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Баланын ай сайын өнүгүүсү кандай болуш керек?
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Кыргыз айым – режиссерлорунун IV Кинофоруму старт алды
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
Миң доллар акча опузалаган милициянын мурдагы кызматкери кармалды (видео)
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
​Хабибдин атасы Конордун реваншы үчүн 100 миллион доллар сурады
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Көп кабаттуу үйдүн жашоочусу дүкөндүн чатырына кулап түштү
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Жол кырсыгынан 2 киши набыт болуп, 7 адам жабыр тартты
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Кытайда титиреген жер титирөө Кыргызстанда сезилди
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
Бишкек - Нарын-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам көз жумду
“Граф” салаты
“Граф” салаты
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
​40 секундда нокаут: Конордун жеңиш видеосу
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт
20-январь: тоолуу райондордо кар жаайт