Байыркы доордогу кыргыз тили кандай болгон?

30-Май 2017, Шейшемби

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Байыркы кыргыз тили” (эң байыркы доор) аталышындагы монография басылып чыкты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Монография байыркы кыргыз тилинин эң алгачкы, ортоңку жана кийинки мезгилдериндеги тарыхы – белгилүү алтай изилдөөчүлөрдүн, түркологдордун салыштырма-тарыхый мүнөздөмө жазылган эмгектеринде айтылган негизги жоболоруна, теорияларына жана тилдик материалына негизделип жазылган. Ошондой эле авторлордун өздөрүнө тиешелүү көптөгөн көз караштары, пикирлери орун алган.

Монография “Тилдердин урал-алтай жалпылыгы жөнүндө”, “Алтай жана түрк тилдеринин тарыхый доорлору жана андагы кыргыз тилинин ээлеген орду”, “Кыргыз тилинин тарыхый доорлорго бөлүштүрүлүшү”, “Кыргыздар жөнүндө тарыхый-лингвистикалык маалыматтар” жана “Байыркы кыргыз тилинин өнүгүү доорлоруна мүнөздүү тилдик белгилер” деген 5 бөлүмдөн турат. Анда урал-алтай жалпылыгындагы сөз жасоодогу окшоштуктар, анатомиялык терминдерге, тууганчылыкка байланыштуу, үй-тиричилик буюмдарына, мал чарбасына байланыштуу, азык-оокаттардын аталыштарына, өң-түс, мезгил, аралык өлчөмдөрүнүн, рельеф, ландшафт, фауна, флора, жаратылыш кубулуштарынын аталыштарына, кыймыл-аракет, сын атооч маанисиндеги аталыштарга жана ат атооч, тактоочтогу окшоштуктарга орун берилген.

Тарыхый-лингвистикалык маалыматтарга байыркы кытай, араб-фарсы жазма булактары, түрк жазуулары, жазма эстеликтердеги, “Манас” эпосундагы изилдөөлөр камтылган. Андан сырткары кыргыз тилинин өнүгүү доорлоруна мүнөздүү алтай доору, шумер доору, хун (гунн, сюнь) жана байыркы түрк доору деген аталыштар менен кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрү бөлүштүрүлгөн.

Эмгек филолог-студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга, түрколог-окумуштууларга жана кыргыз тилинин байыркы тарыхына кызыккан окурмандарга арналган. Монографиянын авторлору филология илимдеринин доктору, профессор К. Токтоналиев жана филология илимдеринин кандидаты, профессор Ж.Жумалиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!