Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү

Чүйдө өрт кырсыктарынын саны 23,7 пайызга төмөндөдү
17-Янв. 2020, Жума, 07:05

Чүй облусу боюнча 2019-жылдын аралыгында 1 миң 176 өрт кырсыгы катталып (2018-жылы 1 миң 542), былтыркыга салыштырганда өрттүн саны 23,7 пайызга төмөндөгөн. Бул боюнча ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

«Өрттүн кесепетинен келип чыккан материалдык чыгымдар 47 миллион сомдон ашык болгон. Ал эми тилсиз жоодон 18 адам каза таап, 11 адам жабыркады», — деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар өрттөн 14 адамдын өмүрүн жана 564 миллион сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктарды сактап калышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР