Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат

Борбор калаанын театрлары Россияга гастролго чыгышат
17-Янв. 2020, Жума, 07:54

Борбор калаанын баардык театрлары бул жылы Россияга гастролго чыгышат. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жыл Кыргызстанда Россиянын жана Россияда Кыргызстандын Кайчылаш жылы деп жарыяланганын эске салды. Айтымында, мындай тажрыйба КМШ өлкөлөрүндө болгон эмес. Бүгүнкү күндө 221 пункттан турган план түзүлдү, анын 70 пайызы маданий-гуманитардык иш-чаралардан турат.

Кайчылаш жылдын ачылышы февралдын экинчи жарымында Москвадагы чоң театрда өтөт. Ага Кыргызстандан 200дөн ашуун маданият ишмерлери катышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР