Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды

Элдин акчасын уурдап жүргөн шектүү Москвадан кармалды
17-Янв. 2020, Жума, 09:47

Баткенде жарандар коммуналдык кызматка деп төлөгөн акчаны өзүнө ыйгарып алган кыргызстандык жаран Москвадан кармалды. Бул туурасында ИИМнин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымат боюнча шектелген жаран бир нече жылдан бери документтерди жасалмалоо менен элден түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турган.

Аталган шектүүнү кармоого мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, жыйынтыгында 1980-жылы Баткенде туулган Г.А. аттуу жаран Москвадан табылган. Азыркы тапта аны жоопкерчиликке тартуу үчүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР