Чынара Кулмырзаева: "Адамдарга сылык мамиле кылган фармацевт болом деп максат койгом"

Чынара Кулмырзаева:
23-Янв. 2020, Бейшемби, 06:25

Борбор калаада азыркы тапта дары-дармек саткан дарыканалар миңдеп саналат. Алардын ар биринде кардарларга ар кыл мамиле кылган дарыкана кызматкерлери башкача айтканда фармацевт кесибинин адистери эмгектенишет. Ооруп жаткан адам көпчүлүк учурда доктурдан мурун мына ушул дары саткан фармацевттерден кеңеш сурап, маалымат алышат. Себеби көпчүлүк эле адамдардын доктурга барууга шарты боло бербейт. Кайсы дарыканага барба дээрлик көпчүлүк убакта ороңдоп орой сүйлөп так маалымат бербеген адистерди көрөсүң. Ал эми айрым учурда ооруп келгендерге жылуу мамиле кылып, дары тууралуу туура-так маалымат берип, кардарларды сылык узаткан фармацевттерди да кезиктирүүгө болот. Алардын бири шаарыбыздагы жеке менчик дарыканалардын биринде эмгектенип келе жаткан Чынара Кулмырзаеваны «ZAMAN.KG» маалымат агенттиги кепке тарттык.

- Өзүңүз тууралу кыскача айтып өтсөңүз, кесибиңиз, кайсы окуу жайды бүтүргөнсүз?

- Менин бул тармакта иштегениме дээрлик 15 жылдай болуп калды. Эң алгач Лермантова-Ворошилова көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада иштедим. Эмгек жолумду эң биринчи дал ошол дарыканадан баштагам. Андан кийин «№520», «Айболит», «Көктөм», «Неман» ж.б. дарыканаларда иштедим. Мен алгач Бишкек медициналык коледжинин фармацевт (орто билими бар адис) кесибин бүткөм. Андан соң медициналык академияда үч жыл окуп провизор (жогорку фармацевттик билими бар адис) кесибине ээ болдум. Биринчи билимим орто болгондуктан аны улантуунун чечип, кайра окууну туура көрдүм. Ошону менен кесибим фармацевт жана провизор.

- Эмне себептен фармацевттик кесипти тандап алгансыз же кыялыңыз беле?

- Бул кесипти тандап алган себебим, кичинемде атам абдан көп ооручу. Анан дарыканалардан дары алганы атам экөөбүз барып калганда көп эле дарыканалардагы кызматкерлердин адамдарга кылган мамилелери аябай орой болгонун көрүп ичимен абдан кыжаалат болчумун. Бир жолу дарыканага атам экөөбүз барсак фармацевт жакшы түшүндүрбөй бизге да, башка ооругандарга да орой мамиле кылып, атамдын жүрөгү ооураганы эсимде. Анан ошондон улам эмне себептен фармацевттер мындай мамиле кылышат деп аябай ойлонгом. Мен кийин дал ушул кесипти окуйм дагы, атама дарыларды өзүм сатып берем, ушул тармакка жакшы салым кошом, мен кийин иштесем адамдарга сылык мамиле кылган башкача фармацевт болом деп максат коюп, анан дал ушул кесипти тандап калгам. Баягы атамдын ооруганын көрүп, жаның кыйналып турганда кызматкерлердин орой мамиле кылганын көрүп эмнегедир кичинемде дарыканада иштесем атама дарыны бекер берем деген ой болчу. Кыскасы 7-8-классымдан баштап бул кесипке кызыгуум абдан күчөгөн.

- Жумушуңуз эмнеси менен кызык?

- Жумушумдун кызыктуулугу мен үчүн ооруп келген адамдарга сылык мамиле кылып, жакшы сүйлөп, алардын көңүлүн көтөрүү болуп саналат. Анан алар эртеси күнү айыгып келип, ыраазычылыгын билдиргени мен үчүн кубанычтуу нерсе. Андан сырткары ак халатты кийип алып, элдерге жардам бересиң, чынында жакшы адамдар көп го азыр, орустар келет, алар менен сүйлөшөсүң, кээде сүйлөшуп туруп калып алардан кайра көп нерселерди аласың дегендей.

- Кардарлар менен иштешүү оор болсо керек, ар кандай адамдар келет дегендей?

- Жаңы иштеп баштаганда оор болчу. Азыр эми кардарлар менен иштешүү мен үчүн андай деле ооор эмес. Болгону эки күн катары менен иштегендиктен физикалык жактан чарчап эле кеткеним болбосо андай деле оорчулук жаратпайт. Бизде дарыканада алтын эреже деп коёбуз, ошого ылайык ар кандай жагдайга дайым даяр туруш керек деп өзүбүздү даярдайбыз. Чынында ар кандай адамдар келет, ооругандар, агрессивдүү адамдар, ооруп, жаны кашайып нерв болуп келгендер да бар. Ошондуктан биз ар кандай оор кырдаал, жагдайларга дайын болуп турушубуз керек. Өзүбүздү ошол нерсеге дайындап жумушка чыгышыбыз керек. Ал эми чарчап калганым келген кардарларга дары-дармектер тууралуу түшүндүрүп бергендиктен көп сүйлөп энергиянын көбү ошого кетип калат. Келген адамдарга мен билгенимди жеткизип, туура эмес дарыларды бербегенге, кээ бир учурда айрымдар билбей эле келип сурашат ошолорго туура маалымат бергенге аракет кылам. «Жакшы сөз-жан эргитет» дейт кардарлар менен дайым жылуу мамиледе болуп, жакшы сүйлөшкөнгө далалат кылам.


- Жумуш убактысында болгон кызыктуу окуялардан бирди айтып берсеңиз?

- Жумушта абдан эле көп кызыктуу окуялар болот. Жакынкы арада болгон окуяны айтып берейин. Жашы 40-45 тердеги Александар деген бир орус киши бар. Биздин дарыканадан көп учурда дары алат. Мен жаңы жылга чукул 30-31-1 күндөрү да жумушка чыктым.Ал киши ошол жаңы жыл күнү башкача айтканда 1-январда бир чоң пакет толтура белек көтөрүп келиптир, ичинде бүт таттуу нерсе бар экен. Мени абдан сүйүндүрдү, ушунчалык мага жагымдуу болду чынында. Үй-бүлөбүздүн атынан деп келип чын жүрөгүнөн куттуктап кетти. Бир жолу ал кишинин кызы катуу кыйналып ооруп, ошондо мен жумушумду жаап коюп, үйүнө чейин барып ийне сайып бергемин. Ошондон кийин күлүп биздин куткаруучу Айболит доктурубуз дешет. Чынында мен үчүн бул күтүлбөгөн жана жагымдуу сюрприз болду. Кылган эмгегиң бааланып кардарлар тарабынан мындай жылуу мамиленин болушу абдан кубанычтуу нерсе.

- Дарыларды дайыма жаңылап алмаштырып турасыздарбы, дарыларды туура эмес берип алган убактар болгонбу?

- Оба алты айда бир ревизия кылып турабыз, срогу өтүп кеткен дары-дармектерди кайра өткөрүп беребиз. Негизи кечки саат алтыдан баштап сегиздерге чейинки аралыктарда адамдар көп келет. Ал эми дарыларды туура эмес берип алган убактар башында гана болбосо дары-дармектерди жаңылып берип алган учурлар жокко эссе. Бардыгын окуп чыгып, дыкааттык менен карап бергенге аракет кылабыз. Көп жылдан бери иштегенге дээрлик ар бир дарынын кайсы, эмнеге берип атканын билебиз, ошол себептүү андай жаңылыштыктар деле болбойт. Башында жаңы иштеп жаткан учуруда бир-эки жолу болсо керек. Азыр андай нерсе жок.

- Жумуштан сырткары эмне кылганды жактырасыз?

- Үйгө келгенде баллдарыма жакшы, даамдуу тамактарды жазап бергенди жактырам. Мындан сырткары таза абада сейилдөөнү жакшы көрөм

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
“Коопсуз микрорайон” долбооруна 1.5 млн сом бөлүндү
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
УКМК: коррупциялык схема түзгөн кызматкерлер кармалды
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
​УЕФА Чемпиондор лигасынын мыкты оюнчусуна жаңы сыйлык уюштурду
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Коронавирустан улам дүйнөдө алтын кымбаттап жатат
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Тери үчүн эң пайдалуу кеңештер
Чачты өстүрүүчү маскалар
Чачты өстүрүүчү маскалар
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
2020-жылы 300 миң акылдуу эсептегич орнотулат
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
Улуттук энергохолдинг Караколдо чакан ГЭС курууну пландоодо
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
2019-жылы 335 чакырым жолго асфальт төшөлдү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
Америка менен Россиянын брондолгон унаалары жөөлөштү
 Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды
Космосбек Чолпонбаев:
Космосбек Чолпонбаев: "Коронавирустан чочулоонун кажети жок"
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
“Zaman” гезитинин журналисттери Виргиния штатынын парламентинде алкоого татыды (видео)
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
22-февраль: абанын температурасы +17 градус болот
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
​Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында жеңилди
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда
Өлкөдө ​5 миңден ашык бала бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда