Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду

Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
23-Янв. 2020, Бейшемби, 07:31

Россиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр каза болду. Бул боюнча орусиялык ЖМК жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун Челябинск — Троицк жолунда катталган. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары сүзүшкөн.

Бир версияга караганда кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгону айтылууда.

КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыр тарткан эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп божомолдонууда.

Аталган маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР