Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алып салуу иштери жүрүүдө

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алып салуу иштери жүрүүдө
28-Янв. 2020, Шейшемби, 06:39

Борбор калаада жума ичинде тосмолор жана көчө боюндагы 63 жарнама тактасы алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баялинов көчөсүнөн баштап Жибек Жолу проспектисине чейин жана Тоголок Молдо көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин орнотулган мыйзамсыз такталар алынган.

Мыйзамсыз объектилерди алып салуу иштери күн сайын жүргүзүлүп жатканы маалыматта айтылат.

Мэрия шаардыктардан мыйзам бузган объектилер боюнча сүрөт жана видео далилдерди (0703) 633-833 WhatsApp номерине жиберүүнү суранат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР