30-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +4…+9

Талас облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз +2…+7

Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6

Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10 градус, күндүз +6…+8 градус болот.