Айбек Жыргалбеков: “Оригиналдуу белек бергим келчү”

6-Июнь 2017, Шейшемби

Айбек Жыргалбеков учурда Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик башкаруу жана муниципалдык кызмат адистиги боюнча 3-курста окуйт. Окуу менен жеке ишкерликти чогуу кармап, Кыргызстанда биринчилерден болуп кадимки эле жаздыкка сүрөт түшүрүү иши менен алектенет.

Ал өзү курдай достору менен бирге жаздыкка сүрөт түшүрүү менен каражат табат. “Элиме” аттуу өндүрүштүк-жарнамалык компанияны негиздеген. Каарманыбыз бул идеянын жаралышы кандай болгонун бизге айтып берди.

“Мен университетке студент болуп келгенден кийин окуткан мугалимдерге, кыздарга белек берүүдө кандай белек береримди билбей тайсалдап калчумун. Негизи оюмда өзгөчө белек берүү дайыма жашачу. Интернет булактарынан карап көрсөм жаздыкка сүрөт түшүрүү өнөрү Казакстанда аябай өнүгүптүр. Анан менде бул нерсени Кыргызстанда жайылтсак эмнеге болбойт? деген ой келди. Адегенде бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кандай жабуулар керектигин изилдеп, аларды алып, ишти баштадым”,-деди.

Жыргалбек буюртманы негизинен интернет аркылуу алып, социалдык тармактарда жарнамалайт.

“Биз кардарлардын убактысын коротпоосу үчүн он-лайн режиминде буюртма алабыз. Алар бизге өздөрүнө жаккан сүрөттү жиберишет. Биз болсо аны жасап, айткан дарегине жеткирип беребиз”,-деди.

Айбек адегенде бул идея жаралгандан кийин достору менен баштоону туура көргөн. Бири компьютерде сүрөттү жасалгалап, кездемеге түшүрсө, бири жаздыкты тигет. Дагы бирөөсү кардар айткан дарекке жеткирип берүү ишин аткарат. Ошентип олтуруп, тилектеш достордун эмгеги менен буюртма ээси өзгөчө белек жакындарын кубантат.

“Биз ишибизди анализдеп көрсөк, көбүнчө айымдар үчүн жасалат экен. Туулган күндөрдө, 8-март майрамында оригиналдуу болсун деп белек ээсинин сүрөтүн чыгарууну каалашат. Көбүнчө үй-бүлөлүү адамдар буюртма беришет. Ата-энелер балдарынын туулган күнүндө, жигиттер кыздарынын туулган күнү же болбосо 8-март майрамдарында буюртма беришет”,-деди.

Ал ишендиргендей, жаздык сапаттуу кездемеден тигилип, ортосунда кебездин мыкты сорту салынат.

“Жаздык сапаттуу кездемеден тигилип, ортосуна да алхайбер деген кебездин мыкты сорту салынат. Ал абдан жумшак болгондуктан көпчүлугү синтепон деп ойлошот. Бирок биз синтепон колдонбойбуз. Кардарларыбыздын ден соолугуна зыян келтирбөө үчүн сапаттуусун сунуштайбыз”,-деди.

Каарманыбыз окуу менен жумушту айкалыштыруу алда канча оор экенин. Ошол эле учурда аны жеңсе боло турганын айтат.

“Баарыбыз бир убакта окуйбуз. Кээде баарыбыз сабакта болуп, иштегенге эч ким калбай калат. Ошентсе да бизге ишеним арткан кардарларыбызга айткан буюртмасын өз убагында жеткирүү үчүн түн бир оокумга чейин иштеген кундөр болду. Мына эми жайкы каникул жакындап, бир аз бошоп калдык. Негизи кандай гана кыйынчылык, тоскоолдук болбосун, аны жеңсе болот”,-деди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!