Өлкөдө 5 миң 600 бала ата-энеси миграцияга кетип, бөлөк адамдардын колунда тарбияланууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин «Республика — Ата-Журт» фракциясынын жыйынында Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров маалымат берди.

Министр, балдарын кароосуз калтырып кеткен ата-энелердин жоопкерчилигин кароо сунушталып жаткандыгын белгиледи.

«Миграцияда жүрүп баласын таштап кеткен ата-энелер арбын. Ымыркайларды алып келип, документтерин даярдоодобуз. Мында ата-энелердин дагы жоопкерчилигин кароо сунушталууда», — деди ал.

Улукбек Кочкоров 5 миң 600 баланы ата-энеси туугандык байланышы жок башка адамдарга таштап миграцияга кетип калганын айтып өттү.