22-февралда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында, тоолуу райондордо жаан жаайт. Жалал-Абад облусунун тоого жакын райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге, айрым аймактарда 15-20 мерге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4,күндүз +12…+17

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3 градус, күндүз +15…+17 градус болот.