Чек араны бузган эки жаран кармалды

15-Июнь 2017, Бейшемби

Эки кыргыз жараны жасалма паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракеттенип жатканда кармалышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматыныан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-июнда “Чалдыбар-унаа жолунда” 1961-жылы туулган Кыргызстандын жараны О.Д. кармалган. Ал чек ара кызматкерлерине көрсөткөн ID-card жасалма экени даана байкалган. Анын айтымында, паспортун жоготуп алганына байланыштуу, атайын көчүрмөдөн өткөрүп, анын жардамы менен Казакстан аркылуу Талас шаарына билинбей өтүп кетүүнү көздөгөн.

Ал эми бүгүн, 15-июнда “Акжол-унаа жолундагы” көзөмөл пунктунда жасалма паспорт менен дагы бир кыргыз жараны кармалган. 1982-жылы туулган А. уулу Б. аттуу жаран чек ара кызматкерлерине жасалма ID-card көрсөтүп, Казакстанга өтүүгө аракет жасаган.

Документтер толтурулган соң, алар тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!