“Чыгыштын чырактары” китебинин бет ачаары болду

15-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында “Ыйман , адеп жана маданият” жылына карата “Ыйман” фонду тарабынан чыгарылган “Чыгыштын чырактары” жана “Ислам агымдары” китептеринин бет ачаары болду. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди

Аталган эмгектерди жазуу жана которуу менен авторлор коомчулукту руханий жактан азыктандырууну, адеп-ахлак маселелеринин маанисин түшүндүрүүнү, учурда актуалдуу болуп турган ислам дининдеги туура жана туура эмес жолдогу агымдар тууралуу маалымат берүүнү максат кылышкан.

Таанытымда УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев аталган китептердин жалпы коомчулукка кеңири жайылышына, адамдарды жакшы жактарга үндөөсүнө тилектеш экендигин айтты.

“Быйылкы жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Ыйман, адеп жана маданият” жылы болуп жарыялангандыктан, биз дагы өзүбүздүн салымыбызды кошууга тийишпиз. Эгерде биз мындагы жакшы нерселердин жок дегенде 5% туура кабыл ала алсак, чоң жетишкендигибиз. Андан сырткары бул китептер диний сабатты жоюу боюнча жакшы жөрөлгө болот деген ойдомун” – деди.

Буга чейин аталган фонд менен УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргелешип, “Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү” сөздүгүн жана башка бир нече китепти басып чыгарганы маалым.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев институттун “Ыйман” фонду менен биргеликте кыргыз жана башка улут элинин акындарынын ыйман, адеп-ахлак жана абийир жөнүндөгү ырлары чыкканын айтты.

«Буга чейин кыргыз тилиндеги кыскача диний сөздүктү, чыгыш поэзиясына таандык акыл-насаат ырларын жарялаганбыз. К.Басылбековдун аталган жыйнагында VI-VII кылымдарга таандык индиялык классик акын Валлюранын тамил тилиндеги чыгармасы жарык көрдү. Андан сырткары орто кылымдарга таандык фарси тилиндеги белгисиз акындардын чыгармалары, ошондой эле өзбектердин, түркмөндөрдүн, дагестан, кабардин-балкар элдеринин акылман ойлору которулуп берилди. Негизинен бул китептер ак-кара, өмүр, өлүм, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айтып кеткендей «Канткенде адам уулу адам болот» деген сыяктуу философиялык ойлорду камтыган чыгармалар десе болот» - деди окумуштуу.

“Чыгыштын чырактары” жыйнагын белгилүү котормочу Кубанычбек Басылбеков которгон. Ал эми “Ислам агымдары тарыхы” китебинин автору – көрүнүктүү теолог, теология илимдеринин доктору Бакыт Мурзараимов.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!