Жаңы конуштарга 4 млрд. сом жумшалган

16-Июнь 2017, Жума

Бишкек шаарынын тегерегиндеги жаңы конуштарга 25 жылдын ичинде 28 мектеп курулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов билдирди.

Анын айтымына караганда, эгемендиктин 25 жылында Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштарга 4 млрд. сом жумшалган. Бул каражатка 28 мектеп, 7 бала бакча, 22 ФАП, 476 транформатордук көмөк чордон, 926 чакырым электр чубалгылары 60 чакырым жолго асфальт төшөлгөн, 6 суу тосмосу жана 18 скважина курулган.

“Жаңы конуштарды өнүктүрүүгө буга чейин канча каражат жумшалса дагы ошончо каражат керек. Мурун шаардын бюджетинен бир жылга болгону 9 млн. сом бөлүнөт. Бул каражат 47 конуш үчүн өтө аз. 2017-жылы 291 млн. сом каралган, бирок 50 млн. сом бөлүнд",-дейт адис.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!