Кыл калемчи: “Мен үчүн этюд маанилүү” (видео)

16-Июнь 2017, Жума

Кыргызстандык сүрөтчү жана мультипликатор Толгобек Койчуманов үстүбүздөгү жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылына арнап улуу акын Токтогул Сатылгановдун сүрөтүн өзгөчө ыкмада тартты. Сүрөт тартылып жаткан учур видеого түшүрүлүп, Youtube порталына жүктөлгөн. Анда сүрөтчү боекту сөөмөйү менен алып, сүрөттү дубалга тарткан кадрлар кездешет. Бул учур Токтогул Сатылгановдун "Өмүр" аттуу чыгармасы "Ордо сахна" жамаатынын аткаруусу менен коштолгон.

Кыл калемгер бир жыл мурун улуу манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн айран менен тарткан.

“Улуу маначсы Саякбай Каралаевдин портретин тартып жатканда бергим келген идея – манасчыны элесин калтыруу болду. Элибиздин акка болгон мамилеси бийик эмеспи. Ар убак ыйык тутушкан. Айран менен тартканымдын себеби да ошол болчу. Бул жерде негизги нерсе айран эмес, анын баалуулу. Максатым - улуу кишини ыйык нерсе менен тартуу болду”,-деди сүрөтчү.

Алты жашынан баштап сүрөт тарткан каарманыбыздын кыл калеминен жаралган миңге чукул эмгек бар. Сүрөттөрдүн көпчүлүгү жаратылышка арналган.

“Табиятка чыгып, сүрөттү натурадан тарткым келет. Жаратылыш койнунда таза абаны сезесиң. Сүрөттөн көчүрүп тартуу эмес. Этюд маанилүү”,-дейт.

Толгобек сүрөтчү гана эмес кыргыз киноматографиясындагы алгачкы анимациялык “АКУ” фильминин режиссору катары да белгилүү. Мындан үч жыл мурун ал толук метраждуу «Аку» деп аталган анимациялык фильм жараткан.

Кыл калемчи Кыргызстанда көркөм искусстового болгон элдин мамилеси, ынтызарлыгы жакшы өнүгө элек экенин айтат. Ал көбүнчө эмгектерин көргөзмөлөргө коет. Бир жылда бир же эки картина саткан учурлар болуп калат.

Төмөндө сүрөтчүнүн кыл калеминен жаралган сүрөттөрдү сунуштайбыз. Калаанын ысык аптабында көп кабаттуу имараттын терезесинен теребелди тиктеп, салкын табиятты самап турган болсоңуз, Толгобектин сүрөттөрү сизди дал ошол жаратылышка жетелейт. Анан дагы көөнө доордогу адамдардын жүзүн да көрө аласыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!