Шаар тургунунун батиринен 3 унаа таштанды чыгарылды

21-Июнь 2017, Шаршемби

Бишкектин көп кабаттуу үйдө турган шаар тургунунан 3 унаа таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, таштаны ээсинин үйү Геологический №1 дарегинде жайгашкан. Коңшулар Октябрь райондук администрациясына даттанышкандыктан.

Атайын коммиссия түзүлүп, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери таштандыны чыгарууга мажбур болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!