Ошто күзгө карай эки бала бакча ачылат

22-Июнь 2017, Бейшемби

Бүгүн, 22- июнь күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде жайгашкан №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында үч жылдын аралыгында 6 бала бакча толугу менен бүтүп, колдонууга берилгенин айтып, быйыл 2 бала бакча сентябрь айында шаардыктарга тапшырыла тургандыгын билдирди. Алардын бири №16 “Акылай” балдар бакчасы болсо, экинчи Курманжан Датка аймактык кеңешиндеги Дача аймагында жайгашкан деп кошумчалады.

Айта кетсек, №16 “Акылай” балдар бакчасынын 75 орундуу кошумча имаратынын сметалык баасы 24 млн, ал эми тендердик баасы 14,1 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин “Кух-и-Лал” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!