Академик Какен Сулаймановдун зыйнаты өтөт

22-Июнь 2017, Бейшемби

Эртен 23-июнда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги Какен Сулайманкулов менен коштошуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, белгилүү окумуштуу, химия илимдеринин доктору, профессор Какен Сулайманкулов менен коштошуу зыйнаты өтөт.Илимпозду акыркы сапарга узатуу Кыргыз улуттук илимдер академиясында 09:00дө башталып, коштошуу зыйнатына Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуунун жакындары катышышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!