​Баткенде кадыр түн кечеси жогорку маанайда өттү

22-Июнь 2017, Бейшемби

Кыргызстандыгы бардык мусулмандар кечээ, 21-июндан 22-июнга караган түнү Кадыр түн кечесин тосушту.Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун ар бир район, шаарларындагы мечиттеринде Кадыр түн кечеси уюштурулуп , ар бир мекендешибизди жылуу маанайда тосуп алышты Бул күнү Баткен телеканалы аркылуу Кадыр түн темасында баяндамалар айтылып, Баткен облусунун казысы Жолдошов Муса ажы жалпы Кыргызстандыктарды Кадыр түн кечеси менен куттуктап, мекенибизге тынчтык, биримдик жана тынч жашоо каалады.

Андан соң облус казысы Баткен шаарындагы борбордук мечитте таравих намазын окуп, эл, жер, мамлекетибиз жана жалпы мусулмандар үчүн дуба кылды. Жолдошов Муса ажынын кийинки сапары Баткен шаарындагы мечиттерде болуп, андагы жалпы жамаат менен жолугушту. Ар бир мечитте кызыктуу маселелер, баяндар жана Ислам интелектуалдык оюндары өткөрүлдү. Кадыр түн кечесине келишкен жалпы жамаат ооз бекитишип, багымдат намазын окуу менен үйлөрүнө кайтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!