43 миң жаран "кара тизмеден" чыгарылат

06-02-2017

Учурда Россияда 600 миңден ашык, Казакстанда 110 миңден көбүрөөк Кыргызстандын жараны иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, "кара тизмеге" киргизилген 110 миң жарандын 43 миңи жакынкы убактарда тизмеден чыгарылат.

“Учурда Россияда 600 миңден ашык, Казакстанда 110 миңден көбүрөөк Кыргызстандын жараны иштейт. Миграция кызматы чет жерде жүргөн мекендештердин социалдык абалын жакшыртуу багытынди иштерди жүргүзүп жатат. ЕАЭБдин алкагында эмгек мигранттарын медициналык камсыздандыруу системасы киргизилгендигин айта кетүү зарыл”,-дейт Айдаралиев.

“Мындан сырткары 2017-жылдын 10-мартына чейин “Манас”, “Ош” аэропортторунда, ошондой эле өлкөнүн темир жол жана авто бекеттеринде чет өлкөгө кетип жаткан мигранттар үчүн “Маалымат күркөлөрү” жайгаштырылат”,-деп кошумчалап кетти ал.

Бекхан Асанов

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!