Пенсионер президенттикке талапкерлигин койду

10-Июль 2017, Дүйшөмбү

Кыргыз Республикасынын жараны, 1955-жылы туулган, пенсионер Сартаев Анвар Айдаровичтен президентикке талапкерлигин коюп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Анвар Сартаев президентикке өзүн өзү көрсөтүүдө жана тиешелүү арызды БШКга жолдоду.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттик шайлоого ат салышуу үчүн 17 талапкерден арыз келип түшкөн.

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!