​Якутияда алмазга Айтматовдун ысымы берилген

20-Июль 2017, Бейшемби

Якутияда табылган алмазга Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген. Бул тууралуу “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер форумунда” Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын өкүлү Александр Жирков билдирди.

Анын айтымында, Улуу жазуучунун чыгармаларын Якутияда абдан кызыгуу менен окушат.

“Ч. Айтматовдун бир нече чыгармасы которулган. Биз аны биздин да жазуучубуз катары эсептейбиз, буга байланыштуу, 2013-жылы Якутияда табылган ири алмаз Айтматовдун ысымын алган”, - дейт Жирков.

Эскерте кетсек, Бишкекте 12 өлкөнүн 20 элинин өкүлдөрү катышкан “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму өтүп жатат. Иш чарага Башкырстандын президенти Рустэм Хамитов, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иван Белеков жана Саха Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын өкүлү Александр Жирков катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!