Эски паспорту барлар шайлоого киргизилбейт

20-Июль 2017, Бейшемби

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторуна ээ жарандар шайлоо тизмелерине киргизилбейт жана шайлоого катыша алышпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымына карганда, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторду жаңы үлгүдөгү паспортторго алмаштыруу керек, бул процесс акысыз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле мыйзамга ылайык биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар да шайлоо тизмелерине киргизилбейт.

Учурда шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. шайлоочулар www.shailoo.srs.kg порталы аркылу шайлоочулардын тизмелеринен өздөрүн таап, так эместиктер жана каталарды байкашса, аны жоюу максатында каттоо кызматынын адистерине кайрылса болот. Муну менен бирге жарандар “119” номуру аркылуу кайрылса болот. Ошондой эле “119” номурга өздүктү тактаган номерди атап, кыскача билдирүү жиберсе, система автоматтуу түрдө шайлоо участогунун дареги менен номуру камтылган жоопту жиберет.

Шайлоого 70 күн калганда Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына алдын ала шайлоочулардын тизмесин жиберет. 15 күндөн кийин ар бир шайлоо участогунда шайлоочулар тизмеси пайда болот. Бул мезгилден тарта шайлоочулар шайлоо участокторуна келип, алар менен таанышса болот. Мындан кийин шайлоого 20 күн калганда, 30 күн калганда жаңыртылган тизмелер БШКга жиберилет, андан кийин шайлоочулардын акыркы тизмеси илинет. Шайлоо күнүнө 15 күн калганда жарандардан тизмеге кошуу боюнча арыздарын кабыл алуу токтотулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!