Бишкектин айрым жеринде газ берилбейт

27-Июль 2017, Бейшемби

27-июлдан 12-августка чейин Бишкек шаарынын айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы маалымдайт.

Өчүрүү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

"М.Ганди, Саадаев, Ак-Тилек, БЧК, Кара жыгач токойу, Мыскал, Пригородный, Күрөңкеев, Илийский, Беломорский аймактарда газ болбойт",-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарында Кенкилер, Горький, Орозбеков көчөрлөрүндө 27-28-июлда газ берүү токтотулары эскертилет.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!