Нургүл Каимова: Россияга келгендер максатты бийик койсо

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Жакшы жашоону эңсеп чет өлкөгө агылган жарандардын басымдуулугун жаштар түзөт. Алардын айрымдары кара жумушта иштеп маңдай тери менен акча тапса, айрымдары өзүн гана бакпастан чет өлкөдө башкалардын жакшы жашоого жетишине колдоо көрсөтүп жатат. Ошондой кыргыз кыздарынын бири кыймылсыз мүлк борборунун жетекчиси Нургүл Каимова өзүнүн жазап жаткан алгылыктуу иштери менен бөлүштү.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

- Мен Алай районунан болом. 1982-жылы туулгам. Азыркы учурда үй бүлөөлүмүн эки уул, бир кыздын энесимин. Москва шаарында Кыргыз кыймылсыз мүлк Паритет борборун жетектеп келем.

- Россияга барып калышыңызга эмне түрткү болду?

-Мен эл катары жакшы жашоону эңсеп, Россияга 2003-жылы келгем. Кыргызстандан таппаган жумушту Москва шаарынан издедим. Бул шаарга биринчи ирет келгенде алгач ашпозчу болуп иштей баштадым. Кийин официант, китеп жана кийим дүкөндөрдө сатуучу болуп иштедим. Учурда кыймылсыз мүлк тармагында эмгектенем.

- Россияда кайсы багытта иш алып барасыз?

- Өзүм кызыл дипломдун ээси болсом, орус тилинде эркин сүйлөсөм эмне үчүн 12-14 саат иштешим керек, женил жумуш табышым зарыл деп изденип жүрдүм. Компьютерди эркин колдонгон үчүн бош убактымда туугандарга, тааныштарга жана тааныштардын тааныштарына батир алууга, жумуш табууга жардам берип жүрдүм. Ошентип жүрүп кыймылсыз мүлк агенттигине жумушка киргем. Ушул багытта эмгектенип жатканыма 12 жыл болду.

Биздин агентттик Москва шаарында ижарага батир, офис, кафе, кампа алгандарга жардам берет. Москва жана Москва областынан үй, батир жана жер тилкесин сатып алгандарга, ипотекага насыя алгандарга колдоо көрсөтөбүз. Азыркы убакта Россияда иштеп, Бишкек жана Ош шаарында жаңы заманбап салынган үйлөрдү бөлүп төлөө жолу менен сатып алууга мүмкүнчүлүк түздүк.

- Ушул иштерди баштоодо кандай кыйынчылыктар болду?

- Ар кандай багыттарда кыйынчылыктар болду. Алсак, Москва шаарынын мыйзамдарын билбеген кыйынчылыктарды жаратты. Агенттикте мыйзамдуу түрдө иш алып баруу кыйын болду. Көп убактым элге маалыматты жеткирүү, түшүндүрүүгө жумшалды. Азыр буюрса баары жакшы.

-Кылып жаткан ишиңизде кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

- Менин жаштарга Москва шаарында иштеп, акча тапканына себепчи болуп жатканым биринчи ийгиликтерим. Башкача айтканда кол алдымда иштеп жаткан жаштар аркылуу Кыргызстанда 42 үй бүлөө багылып жатат.

Москва шаарында Паритет кыймылсыз мүлк борбору мыйзамдуу, ишенимдүү жана элдин алдында жүзү жарык иштеп жатканы чоң жетишкендик. Коомчулукта, элдин алдында өзүбүздү жакшы көрсөтө алдык. 2016-жылы Москва шаарындагы аксакалдар кеңеши тарабынан ыраазычылык баракчалар жазылды. Кыргыз биримдиги коому эң мыкты агенттик наамын берди. “Деловая аудитория” журналынын версиясы менен “Мыкты иш берүүчү” наамына ээ болдум. Элчиликтен ыраазычылык каттар, башка уюмдардан Ардак грамоталар берилди.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Менин максатым тааныштарга, чогу иштешкен адамга кичине болсо да жашоосу жакшы жака өзгөргөнгө себепчи болуу. Буюрса максаттар али алдыда. Көптөн бери ойлоп жүргөн ойлорум ишке ашты. Мекендештерибизге Кыргызстандан оңой жана ыңгайлуу, пайызсыз үй сатып алууга шарт түздүк.

- Кыргызстанга качан кайтасыз?

- Азырынча айта албайм. Россияда иштегени көп максаттар бар. Тынчылык болуп турса, дале бул жерде болом. Кыргызстанга тез-тез барып турам.

- Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын абалы кандай?

- Кыргызстандыктар Россияда жашоого көнүп калдык, бирок ушул нерсе аябай өкүнүчтүү. Мекендештер Россияда топтогон тажрыйбаны өз жерибизге колдонсо деген оюм жөн койбойт. Кыргызстандыктар көп жетишкендиктерге жетишип жаткандарына сүйүнөм. Буюрса ушундай ийгиликтерге себепчи болом. Көп адамдар бизден үй сатып ала башташты. Көпчүлүгү үйлүү болсок кетебиз, күнүмдүк жумуш бар деген пикирде.

- Учурда Россияга барып иштейт элем деген жарандарга кандай кеңешиңизди айтасыз?

- Келгендер иштейм десе максатты бийик койсо. Бирок колдон келсе келбей эле Кыргызстанда иштесе жакшы болот эле.

- Евро биримдикке киргенден кийин Россияда эмгектенген кыргызстандык жарандарга кандай жеңилдиктер болду?

-Биринчиден каттоо жактан женилдиктер бар. Эми айдоочулук күбөлүк маселеси чечилди. Ай сайын патент төлөнбөйт. Бизде орус тили мыйзамдуу экинчи тил болгонунун да таасири жакшы.

- Чет өлкөдө жүргөн жаран катары “бүгүнкү күндө Кыргызстандын абалы тууралуу көз карашыңыз. Сиздин оюңузча дагы кандай иштер аткарылышы керек?

-Бул суроого жооп берүү кыйын. Себеби мен сыртта жүрөм да. Өлкөмдүн ички абалын ал жакта жашасам жакшы билмекмин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!