​Конфискацияланган товардын көлөмү 134 эсе өскөн

3-Авг. 2017, Бейшемби

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткезчилик боюнча адмнистративдик укукбузуу тууралуу 497 иш козголгон. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчилик менен күрөшүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында 3 млн. 91,2 миң сомго айып санкциясы түзүлгөн. Ошондой эле 11 млн. 751,5 миң сомдук товар конфикацияланган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 134 эсе көп.

Ошону менен бирге эле келтирилген чыгымдын көлөмү 33 млн. 191 миң сомго жеткен. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 20 млн. 417,2 миң сомду гана түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!