​Ишкерлик: өзгөчө идея, өзгөчө белек

8-Авг. 2017, Шейшемби

Ар бирибиздин оюубузга аркандай идеялар келет, бирок баарыбыз эле ал идеяларды ишке ашырууга шашылбайбыз же эсибизден чыгарабыз. Өзү чет жерде жүрүп “Өзгөчө белектер" идеясын ишке ашырып жаткан Рысбек Өмүрзаков өзүнүн жасап жаткан өзгөчө идеясы менен бөлүштү.

Бир топ жылдан бери Россияда соода тармагында эмгектенип келе жаткан нарындык жаран Рысбек Өмүрзаков “Өзгөчө белектер" идеясы ата-энесине башкача белек берүү идеясынан пайда болгонун айтат.

“Алгач өзгөчө белекти өзүмдүн ата -энеме белек кылгам. Ал белегим аларга жагып өзүнүн баласынын колунан ушундай белек алганы үчүн кубанычта болушкан. Башка белектерди көп эле берип жүрчүмүн, бирок бул жолку белегимди башкача бир сүйүнүч, кубаныч менен кабыл алышкан. Ошондон улам бул “өзгөчө” белектерди башкаларга сунуштап, ар бир адам ата-энесин аз да болсо кубантып көңүлүн көтөрүп кубаныч тартууласын деген ойдо элге тартууладык”,-дейт ал.

Анын жасап жаткан сувенирлерин кардарлар жылуу кабыл алгандыгын жашырган жок.

“Эл аябай жакшы, жылуу кабыл алышты. Көпчүлүк адамдар жакшы оюун айтып колдогон болсо, айрымдары каршы экенин айтышты. Колдогондордун арасында, жөнөкөй айылдык карапайым адамдардан баштап, кызматкерлерге чейин жакшы идея экенин айтышты. Бул мамлекеттик сыйлыктарбы же жеке адамдар алып сыйласа боло турган сыйлыкпы деп түшүнбөгөндөр да болду. Бул жөнөкөй гана ар бир адам өзүнүн жакын, сыйлуу адамы үчүн бере ала турган сувенир белек”.

Анын айтымында иштин башталганына аз убакыт болсо да кардарлары көбөйүп жатат.

“Бул ишти баштаганыбызга аз эле убакыт болду. Жаздан бери чыгарып жатабыз. Суроо-талап бар сурап жатышат, кызыккандар алып ыразычылыктарын билгизип жатат. Медалдар латундалган болоттон жасалган. Медалга жана анын кутчасына жараша баалары ар кандай болот. Түрлөрү көп, ата-энеден баштап куда, кудагый, тай-ата,тай-эне, сүйүктүү келинчек, өкүл ата, өкүл апаларга жана башка сыйлуу адамдарга ылайыктуусу бар. Көбүнчө ата-энеге, өкүл ата, өкүл апаларга жасатышат",-дейт идеянын автору

Учурда баштаган ишинин элге жайылтуу үстүндө иштеп, киреше жөнүндө ойлоно элек.

“Ар бир ишти баштаганда биринчи чыгым болот дегендей азырынча пайда көрө элекбиз, кийин пайдасы болот деген ойдо иштеп жатабыз”,-деп маегин жыйынтыктады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!