​Кыргызстанда Интернеттин ылдамдыгы жай

11-Авг. 2017, Жума

“M-Lab” консорциуму билдиргенине караганда Кыргызстан Интернеттин жүктөлүү ылдамдыгы жай 25 мамлекеттин катарына кирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда Интернеттин жүктөлүү ылдамдыгы орточо алганда секундасына 0,98 Мбит ылдамдык көрсөткүчү менен 189 өлкөнүн ичинен 166-орунду камтыган.

Аталган рейтингде 1-орунду камсыздаган Сингапур өлкөсүндө Интернеттин орточо ылдамдыгы секундасына 55,13 Мбит. Андан кийин Швеция (40,16 Мбит), Тайвань (34,40) Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн Россия алдыда рейтингеде 43-орунда (11,59Мбит).

Ал эми Орто Азияда болсо алдыда Казакстан 82-орун (4 Мбит), Түркмөнстан 142-орун (1,4 Мбит), Тажикстан 177-орун (0,86 Мбит) Өзбекстан 178-орун (0,83 Мбит).

Ал эми рейтингдин аягында Габон (0.41 Мбит) жана Йемен (0.34 Мбит) өлкөлөрү кирет.

Мисалы, 7,5 ГБ Full HD видеосун жүктөө үчүн 18 мүнөт 34 секунда керек болсо Йеменде ошол эле видеону жүктөө үчүн 2 күн 2 саат 2 мүнөт жана 28 секунд убакыт кетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!