Улан Чойтонбаев: “Салтыбызды унуткан жокпуз”

11-Авг. 2017, Жума

15 жылдан бери чет өлкөдө жүрүп баардык кыйынчылыктарды жеңип өтүп, максаттарын ишке ашырып келе жаткан жердешибиз Улан Чойтонбаев Казакстанда эмгектенип жүргөн кыргыздардын тиричилиги тууралуу оюн бөлүштү.

-Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз?

- Мен Ысык-Көл обласынын Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын кулуну болом, жашым 38де, 1 уул 3 кыздын атасымын. Келинчегим Алия Кыргызстанда туулуп өскөн казак кызы. Кесибим юрист, логистика борборунда юристик кызматты аткарам. 2003-жылдан бери чет өлкөдө жүрөбүз. Айлык акы тамактан, баскан тургандан ашпагандыктан Кыргызстандан башка жерге барып иштешке мажбур болдук. 2003-жылдан 2005-жылга чейин Кореяда иштедим.

-

- Казакстанда кайсы багытта иш алып барасыз?

- Казакстанга 2005-жылы келгем, бул жакта курулуш тармагында корей тилинен котормочу болуп 1 жыл иштедим. Андан кийин Кыргызстандан Алматыдагы кафе, ресторандарга жашылча-жемиш, кургатылган өрүк, жаңгак, жана эт, сүт жеткирген чакан фирма ачып 5 кыргыз жигит биргеликте иш алып бардык. Бизде керектүү көлөмдөгү товар жана аны сактай турган кампа болбогондуктан чоң рынокко чыгыш абдан кыйын болду. Андан кийин чакан курулуш фирмасын ачып Кыргызстандан куруучуларды алып келип келишимдик шартта имараттарды курдук. Айрымдары азыркыга чейин ошол иштин үстүндө жүрүшөт. Дагы бирөөлөрү Кыргызстанга барып чакан ишканаларды ачып ийгиликтүү иштеп жатышат. Кудайга шүгүр, көп мекендештер бутуна туруп Кыргызстанда үй-жайлуу болуп калышты.

Азыркы ишим логистикага байланыштуу, Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия мамлекеттерине жүктөрдү жөнөтөбүз, андан сырткары Кыргызстандан келип иштегендерге үйлөрдү, батирлерлерди жеңилдетилген баада ижарага беребиз.

- Кандай кыйынчылыктар болду?

- Албетте кыйынчылык болбой койгон жок, иштеп жүрүп документтерибиз туура эмес болуп калып укук коргоо кызматкерлерине айып пул төлөп калган учурлар болду. Андан кийин кандай документ керек экенин, жумуш берүүчүлөр менен кандай келишим түзүш керек баарын үйрөндүк. Ошону менен бирге башка мекендештерге дагы үйрөтүп жардам берип жүрдүк.

- Жетишкен ийгиликтериңиз туура айтып өтсөңүз?

- Консулдуктагылар менен тез-тез жолугуп өзүбүздүн укугубуз жөнүндө маалыматтарды алып, өз укуктарыбызды коргогонго үйрөндүк, башка мекендештерибизге кеп-кеңешбизди берип келебиз. Документ жоготуп алып кете албай, кыйын абалга дуушар болгон мекендештерге өз каражатыбыз менен жардамдашып Кыргызстанга жөнөткөн учурлар болду. Мисалы Чилик деген райондо жер иштеткен мекендештерибиз бар, көпчүлүгү чек арадан мыйзамсыз өтүп, келип алып, алды 15 жылдан бери кете албай жүргөндөр азыркыга чейин бар. Өтө оор абалга кабылып эч бир документтери жок мекендештерге Алматыдагы Кыргыз диаспорасындагы эр азаматтардын күчү менен бир топ мекендештерди Кыргызстанга кайтардык. Дайынсыз жоголуп кеткен жердештердидагы тапканга салымыбызды кошуп келебиз.

- Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Алдыдагы максаттарыбыз казак кыргыз ортосунда өндүрүштү женил жолдо алып кетүү, алмаштыруу, сатуу боюнча Алматы шаарына соода өкүлчүлүгүн ачуу, биздин өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын Казакстандын ири соода түйүндөрүнө жайгаштырууга жетишүү, экологиялык таза продуктуларды бренд кылуу, туризм багытында сапаттуу иш алып баруу сыяктуу иштерди жолго койсок деген тилегибиз бар.

- Кыргызстанга качан кайтасыз?

- Мамлекетим үчүн кандай жакшы иш кылдым деп ар бирибиз өзүбүзгө өзүбүз суроо беришибиз керек деп ойлойм. Ошондуктан жогоруда айтылган максаттарды ишке ашырып кийинки урпактарга өткөрүп берип анан Кыргызстанга кетем деген тилегим бар.

- Казакстанда эмгектенген кыргызстандыктардын абалы учурда кандай?

- Казакстанда иштеп жаткан кыргызстандыктардын абалы жалпы жонунан ЕАЭБге киргенден бери жакшы, анча-мынча маселелер бар ал боюнча, консулдуктагылар, жарандык активистер, Миграция министирлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп иш алып барып жатабыз. Каттоосуз жүрүү 1 айга узартылды, медицина бекер болду, ишмерлер өз алдынча келишимге келип, мурункудай коркунуч болбой калды.

Азыркы учурда менин тегерегимдеги достор, агаларыбыз Кудайга шүгүр телегейи тегиз болуп бир тобу буттарына туруп калышты. Бала чакаларыбыз менен тез тез чогулуп Кыргыздын майрамдарында калпактарыбызды кийип, кыргыздын каада салтын, маданиятын башка улуттардын арасында даназалап келебиз, былтыр тарых, жана маданият жылына арналган театралдаштырылган чоң концерт өткөрдүк, филармониядан 150 киши келип жакшы концерт берип кетишти. Аларга дагы чоң рахмат. Андан сырткары Алматыда иштеп эмгектенип жүрүшкөн таланттуу мекендештерибиз болуп мигранттардын сармерденин өткөрдүк. Маданият тармагында жыл сайын жаңы долбоорлорду иштеп чыгып ишке ашыра баштадык, өзүмдүн каражатыма Алматыда жашаган кыргыздардын каада-салты, үрп-адаты боюнча 30 мүнөттүк документалдуу фильм тарттырдым, ал фильм 4 тилде чыкты.

- Учурда Казакстанга барып иштейт элем деген жарандарга кандай кеңешиңизди айта аласыз?

- Учурда Казакстанга келип иштейм дегендерге айтарым документтерин тууралап алып, эмгек келишимдерин өз убагында түзүп тартипти сактап, мыйзамды сыйлап иштесе дейт элем. Казак калкына ыраазычылыгыбызды ар дайым билдирип келебиз, себеби жүз миңдеген мекендештерибиз соода-сатык, ар кандай иштерде иштешип үй-бүлөлөрүн багып жүрүшөт.

- Чет өлкдө жүргөн жаран катары бүгүнкү күндө Кыргызстандын абалы кандай болуп калгандгы тууралуу көз карашыңыз. Кандай болсо жакшы болот эле?

- Кыргызстандын келечеги бизди ойлондурбай койбойт. Жетекчилер экономикага көңүл бурса деген ниет бар. Мисалы, Казакстанда чоң-чоң компанияларда топ менеджер, юрист болуп эмгектенип Казакстандын экономикасына чоң салымдарын кошуп жүрүшөт. Ошого окшогон улан-кыздарыбызга мүмкүнчүлүк түзүп берип, жумуш орундары менен камсыз кылсак өздөрүнүн тажрыйбаларын Кыргызстан үчүн аябайт беле деген ой кетет. Өз элибизге өз жерибизге эмгек кылалы деген иш билги мекендештерибиз менен көп, чогулуп турабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!