Лейлек килемдеринин көргөзмөсү өтөт

11-Авг. 2017, Жума

Ушул жылдын 17-август күнү Баткен облусунун Исфана шаарында лейлек килемдеринин көргөзмөсү ачылат.

Бул тууралуу уюштуруучу Гүлнара Дербишова “ZAMAN.KG”ге маалымдады.

Анын айтымында, иш-чара “Айылдык демилге” юридикалык ассоциациясы “Лейлек KG өнүгүү үчүн” өкмөттүк эмес уюму менен биргеликте уюштурулууда.

Көргөзмөдө Баткен облусундагы уз-чеберлердин колунан жасалган килемдердин түрү коюлат. Мындан сырткары чеберлердин кол эмгегине таандык уникалдуу сувенир, килемдер да келгендердин назарына тартууланат.

Иш-чарага кошуна Тажикстандын Согди облусунун кол өнөрчүлөрү да келишмекчи.

Лейлек килеми - жергиликтүү элдин кол өнөрчүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, Лейлектин сыймыгы катары эсептелет. Килем Лейлек районунда токулгандыктан, ошол аймактын атынан аталып калган. Лейлек килеми араби жана жүл деп экиге бөлүнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!