Россияда "Сармерденди" даңазалаган Шаира

15-Авг. 2017, Шейшемби

Турмуштун сыноолорун сабырдуулук менен жеңип өтүп учурда Россияда кыргыздын сармерден оюунун даңазалап жаткан Шаира Түштүк кызы “Zaman.kg” сайтына чет жерде иштеп жүргөн мекендештердин жашоо турмушу тууралуу кеп куруп берди.

15 жылдан ашуун Россияны ар кайсы шаарларында эмгектенип жүргөн Шаира Түштүк кызы Ош областынын Ноокат районуна караштуу, Күнгөй Кожеке айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. 9 бир туугандын экинчиси.

Анын айтымында кыйынчылыктарды жеңип өтүп учурда өзү сүйгөн иштерди жазап жатат.

“Россияга 2002-жылы турмуш шартка байланыштуу келип калгам. Алгач келген жылдары Екатеринбург шаарында, базарда кийим кече сатып иштегем. Андан кийин 2004-жылдан 2012-жылга чейин Новый Уренгой шаарында соода-сатык менен алектендим. Ал эми Москва шаарына 2012-жылы ноябрда отпускага келип, бул жер жагып калып, калып калдым. Азыркы учурда Москва шаарында эмгектенип жүрөм. Бөтөн жердин иши бөтөн да, мекениңен алыс жүргөндө кыйынчылыктар болбой койбойт. Өзгөчө “Жумушка уруксаат” документи чыккан жылдары, ишке кирүү кыйын болуду, жумуш жок эркектерге кошулуп 5 ай курулушта иштөөгө туура келди. Алар плита көтөрсө плита көтөрүп көтөрүп, родбант көтөрсө родбант көтөрүп эркектер менен кошо жарышып иштеген күндөрүм да болгон. Эми ал күндөр өтүп кетти, турмушта, ар кандай жагдайлар, сыноолор болот экен, алардын баарын сабырдуулук менен жеңип өттүм”,-дейт ал.

Москвада эмгектенип жүргөн кыргыздар, биримдүү, ынтымактуу болуп достукта болушса деген ниетти бекем кармап Россияда сармерден уюштуруу менен бирге аркандай ишчараларда, майрам тойлордо элге кызмат көрсөтүп жана Москвадагы маданият үйүндө каалочуларга комузда, гитарада ойногонду үйрөтөт. Ошондой эле ыр кеселерди уюштуруп турат.

“Мен бала кезден эле музыкага көңүл коюп, сүйүп келгем. Атамдын каршылыгына карабай, таяк жесем да, өжөрлөнүп комуз кружогуна катышчумун. Башка жумуштарда иштесем да комузду таштаган жокмун. Азыркы учурда, Москва шаарында, тойлордо, мааракелерде, комуздун коштоосунда ырдап, кыргыз элиме кызмат кылып турам. Москва жергесиндеги таланттуу инсандарды көрүп, жок дегенде бир жолу сахна бетинде, бир күн болсо да, көксөгөндөрүнө жетсин деген тилек менен сармерден уюштурдум. Сармерденди уюштуруунун негизги максаты Москвада эмгектенип жүргөн кыргыздар, биримдүү, ынтымактуу болуп достукта болушса деген ниет. Анан да кайда жүрсөк да, өз улутубуздун каада- салтын, үрп адатын калтырбай алып жүрөлү, башка улуттарга ким экенибизди билдирели деген тилек бар. Азыркы күндө сармерден оюуну кулачын бараткан учур. Буга чейин 7 айлампа болуп өттү. Москвага келгендер баары эле иштеп акча табалы деп келишет. Бирок сармерденге, жеринин намысы үчүн деп, тикеден -тик туруп, берилген сунушту четке какпай катышып бергендерине, бир чети сүйүнсөм, бир чети терең ыраазы болом”,-деди.

Чет жерде жүргөн жарандардын жашоосу өзүн аракетине жараша болуп жатканын белгилейт.

“Мекенине, эл жерине жана үй- бүлөсүнө болгон кусалыкты айтпаганда Россиядагы эмгектенген кыргызстандыктардын абалы жакшы десем деле болот. Себеби колунда иши бар, үй-бүлөсүн багып жатат. Ошондой эле иштебей кыйналып жүргөндөрү да жок эмес. Бирок баары, адамдын өзүнөн, аракетинен го”,-деп билдирди.

Мындан ары да кыргыз маданиятына, колдон келишинче чет жерде болсо да, салым кошуп турабыз деген ниетин билдирген Түштүк кызынын айтымында Сармерденди мындан ары да күчүнө киргизип, башка шаарлар менен да биргеликте өткөрөлү деген пландары бар. Учурда Ростов-Москва кылып сармерден өткөрүү боюнча сүйлөшүп жатышкан учуру сентябрь айында Москванын кыздары менен Ростовдун жигиттеринин оюунуна күбө болобуз.

“Москвадагы маданий борборду чоңойтуп, бийчилер тобун, фольклор тобун ачсак деген планда бар. Бизде негизинен, уюшулуп жаткан маданий иш чараларыбызды демөөрчү жок эле, колдон келишинче өткөрүп жатабыз, кээде залдын ижара акысын актабай калат, өз чөнтөктөн бергенге туура келет, ошентсе деле артка жол жок, баштаган ишти таштабайын, деп эле иштеп жатам”,-дейт ал.

Каарманыбыз эргүү алып ыр жазып калат. Күзүндө автордук китебин чыгаруунун алдында турат. Анын сыясы кургай элек “Сезим” деген ыры менен таанышып коюуздар

Сезимби эмне, же сүйүүбү билбедим

Сүрдөнүүдөн, уяң тартат жүздөрүң

Сүйлөгөнгө батыналбай негедир

Сүйүүң менен өтүп жатат күндөрүң

Ээлеп алып, жан дүйнөңдү чыкпастан

Эзилдимби, сенин сүйүүң укпастан.

Эркелетсең, эңшерилет эт жүрөк.

Элестетем, каарман болуп ыр жазсаң.

Зериктирбей, көңүл кушум аласың

Зээн кейитсем деле, айтып жагасың

Зарыктырып алыс жакта жүрсөм да

Зирегим оов, сөздүн балын табасың...

Ичтен сызып, жүргөндүгүң жол күтүп

Ишендирет, калгандайсың чын сүйүп

Ичим жылып бараткансыйт сыягы....

Издегеним, таптымбы же, 40 өтүп....

Махабаттуу түндөр көзгө элестеп....

Мээрим чачып күткөнүңдү келет деп

Май айлары насип этсе жетээрмин

Мени күткөн, МАХАБАТЫМ, себеп деп

Шаку. Москва.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!