Мээримгүлдүн өлүмгө баруусуна жакындары ишенбейт

18-Авг. 2017, Жума

21 жаштагы Мээримгүл үлпөт тоюнан 49 күндөн кийин кайын журтунун үйүндө асынып алган. Келиндин жолдошу Ноорузбек ортодо эч кандай чыр-чатак болбогонун, келинчегинин мындай кадамга барганына түшүнө албай турганын айтат. Деген менен Мээримгүлдүн ата-энеси күйөө баласы кызын муунтуп салганын айтып даттанышууда.

Бул каргашалуу окуя Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Дыйкан айылында болгон. 49 күн мурда Мээримгүл менен Ноорузбек кол кармашып турмуш сапарына бирге аттанып, эки жаштын үлпөт тою ушул жылдын 5-майында болгон. Бирок, 24-июнь күнү кызынын асынып алганы тууралуу суук кабар маркум Мээримгүлдүн жакындарын сыздатып, кайгыга салган.

Мээримгүлдүн атасы Баатырбек Төрөгелдиев кызынын өз өмүрүнө кол салганына ишенбейт.

“Суук кабарды угар замат ооруканага барып, кызымдын денесиндеги тактарды, бычактын мизин көрдүм. Мойнунан бутуна чейин көгала болгон. Мойнундагы жип дагы өтө ичке, дегеле асынып өлгөнүнөн кабар бербейт. Бул боюнча Өзгөн райондук сотко даттандык. Бирок сот акыйкатсыз чечим чыгарып берди”,-деди маркумдун атасы Төрөгелдиев.

Мээримгүлдүн бир тууган эжеси Анипа Төрөгелди кызынын пикиринде, сиңдиси бир нече жолу үй-бүлөсүндөгү келишпестик, басмырлоо тууралуу айтып даттанган.

“Сиңдим мага телефон чалып бул үйдө жашагандан тажадым, жашагым келбей жатат деп ыйлачу. Мен турмушта ушундай болот, бара-бара көнүп кетесиң, бир ай жашадың, дагы бир айдан кийин көнүп каласың деп сооротуп жүргөм. Ал ортодо кайын журту төркүлөтүп барды. Үйгө барганда да жайдары болбой, ыйламсырап эле ичиндеги бугун айта албаптыр. Бул окуядан кийин сотко кайрылдык, медициналык-соттук экспертизага бердик. Экспертиза башында башкача, аягына келип башкача сүйлөп, туура эмес чечим чыгарып берди. Сот дагы күйөө балабыздын пайдасына чечим чыгарып берди. Азыр эми үй камагына чыгарып койду. Башыбыздын мындай окуя өтпөгөн үчүн кимге кайрылышыбызды деле билбей турабыз”,-деди Мээримгүлдүн эжеси Анипа.

Кызынын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында Баатырбек Төрөгелдиев Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арадан бир ай убакыт өткөн соң гана райондук ички ишер бөлүмүнүн тергөөчүсү Азамат Сатаров иш козгоп, окуяга шектүү катары Ноорузбек Кубатбековду эки күнгө камакка алган.

Көп өтпөй шектүүгө Кылмыш жаза кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүмү менен жоопко тартуу тууралуу токтом чыккан. Кызыгы, токтомдун сыясы кургай электе эле райондук сот айыпталуучунун баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарууну буюрган.

Ноорузбек: “Мен жырткыч эмесмин”

Келинчегинин өлүмүнө шектелип жаткан Ноорузбек Кубатбеков эч кандай күнөөсү жок экенин, али күнчө сырдуу окуянын түйүнүн чече албай жатканын билдирди.

“Окуядан бир күн мурда кечке жуук келинчегим жыгылып, буту оорүп калганын айтты. Эртеси ооруканага баралы дегенбиз. 24-июнь күнү таң эрте апамды үйдөн узатып чыккан боюнча сарайга кирип асынып алыптыр. Адегенде апамдан Мээримгүл кошо кеттиби деп сурап, үйдө калган деген жоопту уккандан кийин издей баштадым. Сарайга баш баксам, моюн орогучуна асынып алыптыр. Дароо эле жипти чечип, ооруканага алпардым. Көп узабай каза болгонун уктум. Ортобузда чыр-чатак болгон эмес. Келинчегимди өлүмгө жеткидей абалга алып келгендей мен жырткыч эмесмин. Болгон чындыгым ушул”,-деди Ноорузбек.

Аширбаев: “Сот өкүм чыгарганга чейин шектүү үй камагында болот”

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, 24-июнь күнү Мээримгүлдүн асынып алгандыгы боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат түшөр замат, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып тийиштүү чараларды жүргүзгөн.

“Ошол эле күнү маркумдун туугандары Мээримгүл өзү асынбайт болчу, ошого жеткирген деген дооматтар менен арыз жазышкан. Ага удаа соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маркумдун жакындарынын арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 102-беренесиндеги кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, 8-август күнү шектүү катары Мээримгүлдүн жолдошу кармалып, эки күнгө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген”,-деди Аширбаев.

Ал шектүү делген Ноорузбек эмне себептен үй камагына чыгарылганын төмөнкүчө түшүндүрдү.

“Кылмыш жаза процессуалдык кодексинин талаптарынын негизинде кылмышка шектүү 48 сааттын ичинде сот тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу же үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алынышы керек. Ошол себептүү эки сутканын ичинде райондук сотко алып барганда сот кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарган. Сот өкүм чыгарганга чейин кылмышка шектүү үй камагына алынган. Азырынча сот боло элек. Жабырлануучунун туугандары райондук соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө каршы болгондуктан, кайрадан соттук-медициналык экспертиза дайындалышы күтүлүүдө. Ошондуктан сот акыйкатсыз чечим чыгарды деп доомат коюу азырынча эрте”,-деп кошумчалады Жеңишбек Аширбаев.

Психолог: “Келиндердин жан дүйнө согушу эч кимди кызыктырбайт”

Психологдордун айтымында, үй-бүлөсүндөгү зордук-зомбулук, басынтуунун айынан келиндердин өз өмүрүнө кол салган учурлар аз эмес. “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова мунун себеби, жер-жерлерде адистер менен тыгыз иштебегендиктин акыбети деп эсептейт.

“Бул жерде көп маселе бар. Бизде башка бүлөгө келин болуп барган кыздар менен ата-энелери ачык сүйлөшпөйт. Алардын жан дүйнөсү менен эсептешпейт. Мээримгүл дагы эжесине бир нече жолу басынып жатканын айткан экен. Бирок алар тараптан кайдыгер мамиле болгон. Социалдык адистер менен иш алып баруу таптакыр жок. Адистерге убагында кайрылганда ал үй-булөдөгү атмосфера кандай экенин билиши керек болчу. Алар психолог сыяктуу адистерге кайрылууну сунуштап, жаман окуянын болуп кетүү мүмкүндүгүнүн алдын алса болот эле. Адистер менен байланыштын жоктугунан улам ушундай иштер болуп жатат. Өзүбүздүн иш тажрыйбада келишпестик орун алган бир нече үй-бүлө мүчөлөрү менен сүйлөшүп, өзгөчө моралдык, физикалык басынууга кабылган бир нече кыз-келиндерди бул жолдон алып калдык деп так кесе айта алам. Үй-бүлөсүндө кордолгон келиндердин жан дүйнөсү менен эч ким эсептешпегендиктен, алар бул кордуктан кутулуунун бир гана жолу – өз өмүрүнө кол салуу деп түшүнүшөт”,-деди психолог.

Кыргызстанда кыз-келиндер арасында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан улам өз өмүрүнө кол салган фактылар арбын учуроодо. Өткөн жылы Ысык-Көл облусунда, Ноокат районунда жогорудагыдай окуя катталган. Көп учурда күнөөлөнүп жаткан тарап суудан кургак чыгып, коомчулукта ишенбөөчүлүк маанай басымдуулук кылууда. Адистер туңгуюкка кептелген келиндер күйүтүн ачыкка чыгарбай, көз жашын көйнөгүнө сүртүп жүрө бергендиктен, акырында “жашырылган ооруну өлүм ашкере” кыларын белгилешет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!