Легендарлуу Лейлек килемдери

4-Сен. 2017, Дүйшөмбү

Борбор калаада Лейлек килемдеринин көргөзмө-жарманкеси уюштурулду.

Иш-чара “Айылдык демилге” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, максаты – Лейлек килемдерин муундан-муунга калтыруу, аны даңазалоо болду. Жарманкеге килемден сырткары таарлардын түрлөрү, кол эмгегине таандык сувенирлер коюлду.

“Айылдык демилге” коомдук бирикмесинин кызматкери Райхан Камалова Лейлек килемдерин даңазалоонун максаты тууралуу буларга токтолду.

“Килем токуу өнөрүн улуу, ортом муундагылар билген менен кичи муундар билбей калууда. Килемдеги ар бир көчөт көчмөн элдин турмушун чагылдырып, кандай буюмдарды колдонуп жүргөнү килемдеги көчөт аркылуу таамай берилген. Бара-бара бул көчөттөр унутулуп, башка көчөттөр салынып жатат. Экинчиден, килем соккон аялдарды колдоо жок. Биз адегенде чеберлерди маркетинг, бренд боюнча окуттук. Өздөрү соккон килемдин өздүк наркы канча экенин үйрөттүк. Килем токугандар жакыр үй-бүлөдө жашаган аялдар. Бир килемди даярдоого эки-үч ай убакыт кетет. Сатып келгенде мээнетин актабайт”,-деди Камалова.

Лейлек килеми - жергиликтүү элдин кол өнөрчүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, Лейлектин сыймыгы катары эсептелет. Килем Лейлек районунда токулгандыктан, ошол аймактын атынан аталып калган. Лейлек килеми араби жана жүл деп экиге бөлүнөт.

Төмөндө көргөзмө-жарманкеде тартылып алынган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!